# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 56
- Кабыл алынган күнү: 07.02.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158927>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21357/edition/1136285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158927.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-февралындагы № 56 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтому (07.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158927

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 7-февралы № 56 “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы ага “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобилдик инспекциясынын Ош областык атайын монтаждык эксплуатациялоочу башкармасы” мамлекеттик ишканасын кошуу жолу менен кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте:

– кайра түзүлүүчү юридикалык жакты өткөрүп берүү актысын бекитсин;

– юстиция органдарында мамлекеттик ишкананы мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
