# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 38
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158925>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21355/edition/1136289/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158925.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 38 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (28.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158925

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 28-январы № 38 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-сентябрындагы № 605 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планын жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмону бекитүү боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 119-беренесинин 1-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик финансыны башкарууда реформаларды мындан ары сапаттуу жүргүзүү, ошондой эле Эсептешүүлөрдүн бирдиктүү планына жана Мамлекеттик башкаруу секторунун аны пайдаланышы боюнча колдонмого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду натыйжалуу жана ыкчам киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:";

- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.У. Жапаров
