# КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 131
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158920>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21351/edition/1155047/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158920.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158920

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-апрели № 131 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 34 жарыяланды

Төрага

У.А. Марипов
