# КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158903>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21340/edition/1122290/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158903.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 10 "Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158903

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2022-жылдын 14-январы № 10 Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун чакыртып алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору актуалдуулугун жоготкондугуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен төмөнкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору чакыртып алынсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-февралындагы № 109 токтомуна ылайык жиберилген "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-августундагы № 394 токтомуна ылайык жиберилген "Ички жер которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги № 153 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө", "Тышкы миграция жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-августундагы № 394 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-январындагы № 37 токтомуна ылайык жиберилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-февралындагы № 70 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартындагы № 142 токтомуна ылайык жиберилген "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 156 токтомуна ылайык жиберилген "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 268 токтомуна ылайык жиберилген "Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-майындагы № 269 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 277 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 317 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу";

13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 6-августундагы № 413 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу";

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы № 533 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө" жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-декабрындагы № 612 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 28 токтомуна ылайык жиберилген "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу";

17) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 31 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу";

18) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-майындагы № 195 токтомуна ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";

19) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2021-жылдын 16-июлундагы № 12-4505 катына ылайык жиберилген "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө".

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

А.У. Жапаров
