# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 16
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2022
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21337/edition/1140069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 14-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө" токтому (02.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158900

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 14-январы № 16 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-августундагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги маселелери жөнүндө" токтомунун 4-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом бекитилген штаттык сандын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
