# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 14.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158883>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21328/edition/1122420/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158883.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158883

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 14-январы № 15 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 “Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

“2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Бишкек штамптоочу заводу” мамлекеттик ишканасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана ведомстволук бөлүмдөрүн күтүүгө чыгымдарды каржылоонун булагы болуп республикалык бюджет саналат деп аныкталсын.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
