Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги „KADI“ мамлекеттик мекемесинин маселелери тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 мая 2022 года № 282 "О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала" от 15 ноября 2021 года № 264"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-30.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 282 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 29-декабры № 355 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемесинин маселелери тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинета токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси (мындан ары -Агенттик) жөнүндө жобо 1 -тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
- Агенттиктин техникалык тейлөөчү кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн үстөк акылардын өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Агенттиктин кызматкерлерине эмгектик өргүүгө чыгууда саламаттыгын чындоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөөрү;
- Агенттиктин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына календардык жылдын аягында орточо бир айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөөрү.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык санга жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Агенттикке каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги "KADI" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 29.12.2021 · № 355 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 07.06.2021 · № 24 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 30.05.22 ж. №282 токтомуПостановление · 30.05.2022 · № 282
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 282 " Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу…Постановление · 30.05.2022 · № 282
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 7-июнундагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 07.06.2021 · № 24 · Күчүн жоготкон