# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө " токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө " токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 339
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158847>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5-9055/edition/1117937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158847.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 339 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө " токтому (24.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158847

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 24-декабры № 339 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү өзгөртүп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтомдун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга бюджетинде каралган финансылык каражаттардын чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 31-пункту;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-августундагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 133 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 653 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-сентябрындагы № 420 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун башкаруу СХЕМАСЫ

End\_nocompare
