# КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 343
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158835>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21304/edition/1187777/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158835.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 24-декабрындагы № 343 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158835

---

ККыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 339 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-декабры № 343 Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунун жобосун бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомунун редакциясына ылайык) Мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-июнундагы № 226 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пунктундагы “Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын Бажы кызматын өнүктүрүү фонду жөнүндө жободо:

– аталышындагы, 1-пунктундагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 2-пунктунда:

бүткүл тексти боюнча “Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Финансы министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Фондду каржылоого каралган каражаттардын отуз пайызы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонддоруна министрликтердин борбордук аппараттарынын штаттык санына ылайык каражаттарды пропорционалдуу бөлүштүрүү менен жөнөтүлөт деп белгиленсин.”;

– 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы “Өкмөтүнүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 489 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
