# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 21.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158833>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21302/edition/1115717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158833.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (21.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158833

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 21-октябры № 227 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасынын үзгүлтүксүз иштөөсү, техникалык тейлөө, күтүү жана аны модернизациялоо менен байланышкан чыгымдарды каржылоонун туруктуу булактарын аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

- 25-пунктунун экинчи абзацы "бөлүштүрүүчү болуп" деген сөздөрдөн кийин "ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттардан башка" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 27-пункт менен толукталсын:

"27. Кыргыз Республикасынын ТИМдин атайын эсебине Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү системасын колдонуу аркылуу акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебинен келип түшкөн сумманын 8% өлчөмүндөгү каражат аталган маалыматтык системаны техникалык тейлөө, күтүү жана модернизациялоо менен байланышкан материалдык чыгымдардын ордун толтуруу бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин шайкеш каржылоо үчүн республикалык бюджеттин кирешесине жөнөтүлөт.

2. Бул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 31-декабрындагы № 156 (3335) жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
