# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 326
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158825>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21299/edition/1117592/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158825.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-декабрындагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158825

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 23-декабры № 326 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн консулдук кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарына жагымдуу шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталган токтом менен бекитилген Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө жободо:

- 21-пунктунун 2-пунктчасындагы "электрондук визаны тариздөө жана берүү" деген сөздөр "визаны тариздөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) аталган токтом менен бекитилген консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларында:

- таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"

12

Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу

25

".

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 155 (3336) жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
