# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 304
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158821>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21298/edition/1208017/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158821.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө" токтому (04.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158821

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-декабры № 304 Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө Товарларды жеткирүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызматтарды көрсөтүүчүлөр алдындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кредиттик карыздарын төлөөнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредиттик карыздары жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 156 (3335) жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
