# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 08.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.09.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158819>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/158819/edition/1290433/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158819.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.09.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 203 "Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө" токтому (04.09.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158819

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-октябры № 203 Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укуктук абалынын маселелерин жөнгө салуу жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590, 2026-жылдын 5-мартындагы № 148 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393, 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруу максатында, "Чет өлкөлүк граждандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусун берүү, алмаштыруу, токтотуу жана андан ажыратуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 600 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесине чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт документин жекелештирүүгө ыйгарым укук берилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 148 токтомунун редакциясына ылайык)

5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги:

- консулдук кызматтарды көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын ставкаларын чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин Мекен-карт документин берүү боюнча кызмат көрсөтүү менен толуктоо бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 "Консулдук кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынуучу каражаттар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;

- бир айлык мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Мекен-карт автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу бөлүгүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн;

- (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590 токтомуна ылайык күчүн жоготту).

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

51. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Учкун" ачык акционердик коому менен биргеликте (макулдашуу боюнча) чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин "Мекен-карт" документинин бланктарын камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги белгиленген тартипте:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментине "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Санариптик экономика" мамлекеттик программасынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга каралган каражаттардын эсебинен төмөнкүлөрдү бөлүп берсин;

- Мекен-карт автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга 3423893 (үч миллион төрт жүз жыйырма үч миң сегиз жүз токсон үч) сом;

- Мекен-карт автоматташтырылган маалыматтык системасын техникалык колдоого байланышкан чыгымдарга 1729450 (бир миллион жети жүз жыйырма тогуз миң төрт жүз элүү) сом;

2) "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.

7. Мекен-карт улуттук демилгесин ишке киргизүүгө тартылган министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жана санариптик өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул токтом 2022-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирүүчү 1 жана 3-пункттарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 15-октябрындагы № 106 (3285) жарыяланды

| Төрага | А.У. Жапаров |
