# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 360
- Кабыл алынган күнү: 31.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158812>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21293/edition/1116576/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158812.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 360 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (31.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158812

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 31-декабры № 360 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга субсидияларды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатына ылайык келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 391 “Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнүн өлчөмүн эсептөөнү жана тартибин регламенттөөчү актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Жылуулук менен жабдуучу ишканаларга мамлекеттик бюджеттен субсидияларды берүүнү тартипке келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:”;

2) 3-пунктундагы “2021” деген цифралар “2025” деген цифралар менен алмаштырылсын;

3) 4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
