# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 350
- Кабыл алынган күнү: 24.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158810>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21292/edition/1116329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158810.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (10.03.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158810

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 24-декабры № 350 Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59, 2024-жылдын 31-июлундагы № 442, 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 22-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 582 «Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Психоактивдүү заттарды колдонуунун кесепетинен психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга Кыргыз Республикасынын жазаларды аткаруу системасынын мекемелеринде наркологиялык жардам көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускамада:

– 2-пунктунда:

1-пунктчасынын биринчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын (мындан ары – ЖАК)» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пунктчасындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 4, 6, 10, 16, 19-пункттарындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 745 «Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Оор оору менен ооруган эркинен ажыратууга соттолгондорду медициналык күбөлөндүрүү жана аларды андан ары жаза өтөөдөн бошотууну сунуш кылуу тартибинде:

– жогоруда аталган Тартиптин 2, 3-тиркемелериндеги «Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 159 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринин алдындагы кесиптик окуу жайлар жөнүндө жободо:

– 14, 20-пункттарындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 18-пунктундагы «2011-жылдын 23-сентябрдагы № 604» деген сөздөр «2018-жылдын 22-августундагы № 379» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 19-пунктундагы «борбордук органы» деген сөздөр «борбордук аппараты» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 648 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта Соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) аталышындагы жана 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө нускамада:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр «Соттук-эксперттик кызматта» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1, 4, 6, 11–15, 17, 20, 25, 26, 34, 36–40, 42, 43, 46, 49- пункттарындагы жана 2-бөлүмдүн аталышындагы «МСЭК» деген аббревиатура «СЭК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 36-пунктунун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Эксперт кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч жиберсе, СЭКтин жетекчиси экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн 10 (он) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узарта алат.».

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:

– тиркемедеги «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 «Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибинде:

– 2-тиркемесинде:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

7. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 442 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 «Кыргыз Республикасында пробация органын түзүү маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаменти жөнүндө жободо:

– 3-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 11-пунктунун 1-пунктчасында:

«жазык жазаларын» деген сөздөрдөн кийин «, административдик жазаларды» деген сөздөр менен толукталсын; «аткаруу иши» деген сөздөрдөн мурда «, ошондой эле укук бузуулар» деген сөздөр менен толукталсын;

– 14-пунктундагы «Премьер-министри» деген сөздөр «Министрлер Кабинетинин Төрагасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

9..Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-декабрындагы №706 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын госпиталы жана бейтапканасы» дарылоо мекемесин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктундагы «76» деген цифралар «75» деген цифралар менен алмаштырылсын.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-декабрындагы № 716 «Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жазык-аткаруу системасынын түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жаткан адамдарга, шектүү жана айыпталуучу катары камакка алынган жерлерде кармалган адамдарга Кыргыз Республикасынын жаранынын 2017-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасын - паспортун (ID-карта) тариздөөгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу регламентинде:

– 2-пунктунда:

6-пунктчасындагы «Өкмөтү» деген сөз «Министрлер Кабинети» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 11-пунктчасындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары – ЖАМК)» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы (мындан ары – ЖАК)» деген сөздөр менен алмаштырылсын; 12-пунктчасындагы «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставында:

– 26, 27-пункттарындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

– жогоруда аталган Тартиптик уставдын 1-тиркемесиндеги «Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– жогоруда аталган Тартиптик уставдын 2-тиркемесинде:

«Премьер-министрине» деген сөз «Министрлер Кабинетинин Төрагасына» деген сөздөр менен алмаштырылсын; «ЖАМК» деген аббревиатура «ЖАК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын; «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

12. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пунктунда:

– 1-пунктчасындагы «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 2–5-пунктчаларындагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «мамлекеттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «кызмат» деген сөз менен алмаштырылсын;

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат жөнүндө жободо:

– аталышындагы жана 1-пунктундагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Соттук-эксперттик кызмат» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

– 1–8, 11–18, 20–24-пункттарындагы «МСЭК» деген аббревиатура «СЭК» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;

– 2–5-главаларынын аталышындагы «МСЭК» деген аббревиатура алып салынсын;

– 8-пунктундагы «борбордук аппаратынын» деген сөздөр алып салынсын;

– 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«9. СЭКтин толук фирмалык аталышы: мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат»; расмий тилде: «Судебно-экспертная служба при Министерстве юстиции Кыргызской Республики». СЭКтин кыскартылган аталышы: мамлекеттик тилде: «Соттук-эксперттик кызмат» расмий тилде: «Судебно-экспертная служба».»;

– 10-пунктундагы «, Ж.Бөкөнбаев көч., 97» деген сөздөр алып салынсын;

– 17-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

«– белгиленген тартипте СЭКтин ведомстволук сыйлыктарын уюштурат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун түрлөрүн колдонот;»;

– мамлекеттик тилдеги текстиндеги 20-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

5) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

6) (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы № 59 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы N 124 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы N 59 , 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтомдорунун редакцияларына ылайык, )

13. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 79 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 6-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-сентябрындагы № 511 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 742 «Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдары менен мекемелерин Өнүктүрүү жана материалдык колдоо боюнча атайын фонд жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.

14. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:

– өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

– ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

15. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 11-январындагы № 1 (3336) жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
