# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158803>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21285/edition/1115580/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158803.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 311 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (25.10.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158803

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 311 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартибин бекитүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 26-июлундагы № 72 Мыйзамы менен ратификацияланган, 2016-жылдын 20-майында Ереван шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана (же) жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүү тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда кызматтык жана жарандык куралды алып өтүүгө уруксат берүүчү документти берүүгө ыйгарым укук берилсин.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомунун редакциясына ылайык)

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 573 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2021-жылдын 20-декабрында www.gov.kg расмий сайтында жарыяланды

Төрага

А.У . Жапаров
