# Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 265 "Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 265 "Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 265
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158801>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21283/edition/1114428/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158801.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 265 "Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158801

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 265 Багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 373 "Жарандардын айрым категорияларына ар айлык социалдык желөкпулдардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, багуучусунан айрылган балдарды пенсиялык камсыздоо деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Багуучусунан айрылгандыгы боюнча пенсия алуучу ар бир баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмү атасынан же энесинен, же экөөнөн тең айрылган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан балдарга белгиленүүчү ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүнөн төмөн болбоого тийиш деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
