# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 315
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158796>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21279/edition/1263633/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158796.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 315 "Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158796

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 315 Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартибин, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 54-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Теңдөөчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 “Теңөө трансферттеринин көлөмдөрүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому;

2) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-июнундагы № 321 “Теңөө гранттарын эсептөө ыкмасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 18 токтому.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
