# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 193
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158795>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21278/edition/1292044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158795.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 193 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому (30.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158795

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-сентябры № 193 Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө Энергетика тармагынын стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүн жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

У.А. Марипов
