# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 312 "Жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 312 "Жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 312
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158792>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21275/edition/1116375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158792.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 312 "Жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158792

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 312 Жер участогун Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пенсионерлеринин жана кызматкерлеринин турак жай маселесин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине, “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык кеӊешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 313 токтомун көңүлгө алуу менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мөөнөтсүз пайдалануусундагы, Бишкек шаары, Кайназарова жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарек боюнча жайгашкан жалпы аянты 4,15 га жер участокторун (идентификациялык номерлери 1-02-07-0054-0021, 1-01-07-0054-0022) андан ары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин пенсионерлерине жана кызматкерлерине берүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аларга мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети берген тизмеге киргизилген адамдарга жеке турак жай курууга жер участокторун жеке менчикке берүү жөнүндө токтомду кабыл алуу.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
