# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 324
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158786>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21269/edition/1117014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158786.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 324 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (22.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158786

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-декабры № 324 Мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 319 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги № 186 "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту жана 1-тиркемеси;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 151-б буйругу;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б буйругу;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-ноябрындагы № 478-б буйругу;

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 210-б буйругу;

7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-мартындагы № 73-б буйругу.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүү сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
