# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 30.09.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158784>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21268/edition/1248636/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158784.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтому (24.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158784

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-сентябры № 192

Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 299, 2021-жылдын 23-декабрындагы № 328, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198, 2022-жылдын 29-июлундагы № 413, 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 517, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 657, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 199, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 665, 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 190, 2024-жылдын 7-октябрындагы № 602, 2024-жылдын 10-декабрындагы № 752 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүүнү, стабилдүү жана ишенимдүү иштөөсүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо максатында, "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине жана "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясаты тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тарифтерди белгиленген тартипте бекитсин.

2-1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ар айлык негизде:

1) отчеттук айдан кийинки айдын 15ине чейин электр менен жабдуучу уюмдарга 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тизмелерин Кыргыз Республикасынын облустары жана региондору боюнча жашаган/жүргөн жеринин иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү менен берсин;

2) 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөр - электр энергиясын керектөөчүлөрдү идентификациялоодо электр менен жабдуучу уюмдарга көмөк көрсөтсүн;

3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык) 2-2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар айлык негизде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине жана энергия менен жабдуучу уюмдарга электр энергиясын керектөөчүлөрдү - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү идентификациялоого көмөк көрсөтсүн. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 198 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-мартындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын 2020-2022-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

У.Марипов
