Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 „Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 307 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын сууну коргоо зоналарын жана суу объекттеринин тилкелерин белгилөө тартибин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жободо:
1) 7-пунктундагы "областтык, райондук мамлекеттик администрацияларга" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 8-пунктундагы "Кыргыз Республика Жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин органдары камсыз кылат" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган камсыз кылат" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объекттеринин тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына кирген жерлерди пайдалануунун тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.";
4) 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Дарыялардагы сууну коргоочу зонанын эң аз кеңдиги төмөнкүдөй узундуктагы дарыялар үчүн эки жээги боюнча суунун көп жылдык орточо жээгинин четинен белгиленет:
Дарыянын узундугу
Сууну коргоочу зонанын кеңдиги, м
10 км аз
50 м
10дон 50 км чейин
75 м
50дөн 100 км чейин
100 м
100 км ашык
150 м
";
5) 33-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы N 154 жарыяланды
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген)Положение · 07.07.1995 · № 271
- Уч-Коргон айылдык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябры № 18/4 " Уч-Коргон айыл аймагынан өтүүчү суу объектлерин суу-коргоочу тилкелеринин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 30.10.2023 · № 18/4
- Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 30-январындагы №8 “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү 168,75 чарчы метр жер тилкесин муниципалдык…Постановление · 30.01.2024 · № 8
- Сайдыкум айылдык кеңешинин 2024-жылынын 31-июлундагы №10 “Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылында жайгашкан С.Досов көчөсүндөгү бош жаткан жер тилкесин муниципалдык менчик…Постановление · 31.07.2024 · № 10
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.07.1995 · № 271
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122