# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 305
- Кабыл алынган күнү: 16.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158781>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21265/edition/1255112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158781.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-декабрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158781

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 234 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 16-декабры № 305 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Экономика тармактарын жана калкты 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 137 "Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021/2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) "Кара-Кече" - Балыкчы темир жол станциясы; "Миң-Куш" - Балыкчы темир жол станциясы - Бишкек шаарынын жылуулук электр борбору (мындан ары - ЖЭБ) маршруту боюнча автотранспорт каражаттары менен көмүр ташуунун баасын күйүүчү-майлоочу жана башка чыгымдоо материалдарынын наркы өзгөргөн (жогорулаган же төмөндөгөн) учурда кайра кароо (кайра бекитүү) укугу менен тарифтер түрүндө бекитсин.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы N 151-153 жарыяланды

Төрага

А.У. Жапаров
