# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабры № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабры № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 301
- Кабыл алынган күнү: 10.12.2021
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158772>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21262/edition/1114258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158772.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабры № 301 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (18.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158772

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-мартындагы № 183 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ ТОКТОМ 2021-жылдын 10-декабры № 301 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын бюджеттеринин аткарылышы тууралуу отчеттордун толуктугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 488 "Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтом менен бекитилген Эсепке алуу жана отчет берүү боюнча бюджетти болжолдоого жана аткарууга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-жоболору жөнүндө нускамада:

- 8-пунктунун кырк төртүнчү абзацындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 12-пунктунда:

3-1 жана 6-1-пунктчаларындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Саламаттык сактоо министрлигине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 13-пунктунун элүү жетинчи абзацы "жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан бюджеттик мекемелердин каражаттарынан" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын саясий, экономикалык, экологиялык жана социалдык туруктуулугуна коркунуч келтирген кырдаалдарды жоюу үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өзгөчө учурларда аныкталган каражаттардан" деген сөздөр менен толукталсын;

- 27, 27-1, 33-пунктчаларындагы "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
