# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158771>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21261/edition/1113999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158771.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158771

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 17-декабры № 306 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 142 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жаранынын 2020-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жободо:

- 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5. Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет. 16 жашка толо элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен таризделет:

- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка толгонго чейин - эки жылдык мөөнөткө;

- бир жаштан тартып ал 16 жашка толгонго чейин - беш жылдык мөөнөткө.".

2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2021-жылдын 25-декабрынан тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров
