Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
13-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин (мындан
ары – МЖӨ борбору) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемесинин укугун улантуучу болуп саналат.
3. МЖӨ борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштеген мамлекеттик орган болуп саналат.
4. МЖӨ борбору өзүнүн ишинде түздөн-түз Министрликке отчёт берет.
5. МЖӨ борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын улуттук программаларын, ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
6. МЖӨ борбору мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү, чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүүдө иштейт.
7. МЖӨ борбору юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында эсептешүү жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, кыргыз, орус жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
8. МЖӨ борборунун толук фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору» мамлекеттик мекемеси»;
– расмий тилде: «Государственное учреждение «Центр государственно-частного партнерства» при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики;
– англис тилинде: «State institution «Public-private partnership center» under the Ministry of Economy and Commerce of the Kyrgyz Republic.
9. МЖӨ борборунун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «МЖӨ борбору»;
– расмий тилде: «Центр ГЧП».
10. МЖӨ борборунун юридикалык дареги: 720002, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 106.
2. МЖӨ борборунун ишинин максаты
11. МЖӨ борборунун ишинин максаты МЖӨ жана ишенимдүү башкаруу механизмдерин пайдалануу менен жеке инвестицияларды жана жеке сектордун башкаруу тажрыйбасын тартуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык инфратүзүмдөрдүн МЖӨ долбоорлорун, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууну илгерилетүү болуп саналат.
3. МЖӨ борборунун милдеттери
12. МЖӨ борборунун милдеттери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун координациялоо, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жана МЖӨ долбоорлорун башкаруунун зарыл системасын түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ар түрдүү социалдык жактан маанилүү тармактарында МЖӨ механизмдерин жайылтуу, анын ичинде мамлекеттик өнөктөштөргө МЖӨ долбоорлорун издөөгө, демилгелөөгө, даярдоого, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшүү болуп саналат.
4. МЖӨ борборунун функциялары
13. МЖӨ борбору жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функцияларын:
– Кыргыз Республикасында МЖӨ өнүктүрүү боюнча бекитилген программаларды жана пландарды ишке ашырат, Министрликке мындай программалар менен пландардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка юридикалык жактар тарабынан аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;
– МЖӨ жаатындагы ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;
– МЖӨ долбоорлорун издөө, даярдоо, жүзөгө ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштешине көмөк көрсөтүүчү методикалык мүнөздөгү документтердин долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Министрликке бекитүү жана андан ары колдонуу үчүн берет;
– МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
– Кыргыз Республикасындагы МЖӨ боюнча кеӊештин ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка жактан камсыздайт;
2) жөнгө салуучу функцияларын:
– МЖӨ долбоорлорун демилгелөө боюнча сунуштарды киргизет;
– МЖӨ долбоорлору боюнча мамлекеттик өнөктөш катары мамлекеттик органдарды же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аныктоо боюнча сунуштарды киргизет;
– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуштарына экспертиза жүргүзөт;
– МЖӨ алкагында долбоорлорду ишке ашыруунун максатка ылайыктуулук предметине талдоо жүргүзөт;
– жогору турган кеңеш берүүчү органдын чечимин аткарат, ошондой эле алардын чечимдеринин мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан ишке ашырылышына мониторинг жүргүзөт;
– МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун чечимин аткарат, ошондой эле Фонддун атынан анын чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүүгө көмөктөшөт;
– жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен Министрликке мурунку отчеттук жылдагы иштеринин жыйынтыгы жөнүндө отчёт берет;
– МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине ылайык юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функцияларын:
– МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышына мониторинг жана баалоо жүргүзөт;
– мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү, анын ичинде потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун издөө жана тандоо, МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча көмөк көрсөтөт жана контролдойт;
– Кыргыз Республикасынын инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү боюнча саясатындагы артыкчылыктардан алганда потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун издейт;
– ишке ашырылган МЖӨ долбоорлорун чогултат, талдайт жана жыйынтыктарын жалпылайт, Кыргыз Республикасынын аймагында жайылтуу мүмкүндүгү үчүн кыйла ийгиликтүү МЖӨ долбоорлорун аныктайт;
– ишке ашырылуучу жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорунун, ошондой эле башка МЖӨ демилгелеринин ачык базасын түзөт жана жүргүзөт;
4) колдоо функцияларын:
– МЖӨ долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуштарды жана МЖӨ долбоорлору боюнча тендердик документтерди даярдоо үчүн көз карандысыз консультанттарды, анын ичинде эл аралык уюмдардын жана фонддордун каражаттарынын эсебинен тартат;
– МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун ишин методикалык, уюштуруучулук жана башка камсыздоого көмөктөшөт, Фонддун кароосуна келип түшкөн документтерге экспертиза жүргүзүүгө катышат;
– мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, каржылоо, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча консультация берет;
– МЖӨ маселелери боюнча маалыматтык-маалымдама жана аналитикалык адабиятты иштеп чыгат жана басып чыгарат;
– МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, бизнес өкүлдөрүн жана бардык кызыкдар адамдарды окутат;
– Кыргыз Республикасында иштеп жаткан жана потенциалдуу МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу саясаты жөнүндө кызыкдар адамдарга маалымат берет;
– МЖӨ чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана МЖӨ чөйрөсүндөгү экономикалык жана укуктук билимди жайылтуу, МЖӨ өнүктүрүүнүн негизги аспекттери жөнүндө кеңири маалымдоо максатында кеӊешмелерди, семинарларды, форумдарды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштурат;
5) кызмат көрсөтүү функцияларын:
– МЖӨ маселелери боюнча, анын ичинде МЖӨ долбоорлорун издөө, демилгелөө, түзүмдөштүрүү, ишке ашыруу жана коштоо маселелери боюнча жеке секторго акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;
– максаттарга жетүү жана милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды ишке ашырат.
5. МЖӨ борборунун укуктары жана милдеттери
14. МЖӨ борбору ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке жана юридикалык жактардан МЖӨ борборунун милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды суроого жана алууга;
2) МЖӨ маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйналыштарга, кеӊешмелерге, башка иш-чараларга катышууга;
3) МЖӨ борборунун алдында турган милдеттерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө жана башка уюмдардын адистерин белгиленген тартипте тартууга;
4) өз компетенциясынын чегинде МЖӨ маселелери боюнча иш жүргүзүүчү эл аралык уюмдар жана институттар менен кызматташууга;
5) эгерде коомдук коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде бирикмелердин, ассоциациялардын жана фонддордун максаттары жана милдеттери МЖӨ борборунун максаттарына жана милдеттерине ылайык келсе, мындай уюмдар менен кызматташууга;
6) МЖӨ маселелери боюнча консультация берүү, МЖӨ борборунун кызматкерлерин окутуу жана түзүлүүчү жарандык-укуктук келишимдердин негизинде башка кызматтарды көрсөтүү үчүн эксперттерди, адистерди жана консультанттарды, анын ичинде чет өлкөлүк адистерди тартууга;
7) коомдук башталышта иштеген консультативдик-байкоочу орган болуп саналган Борбордун ишине коомдук мониторинг жана эксперттик колдоо көрсөтүү максатында консультативдик кеңешти түзүүгө;
8) МЖӨ маселелери боюнча конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга, анын ичинде чет мамлекеттердин аймагында өткөн конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн МЖӨ борборунун кызматкерлерин жиберүүгө;
9) МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен МЖӨ борборунун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында аларды окутууга;
10) өз компетенциясынын чегинде чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк инвесторлор менен өз ара аракеттенүүгө;
11) белгиленген тартипте материалдык ресурстарды жана башка мүлктү сатып алуу боюнча жеке жана юридикалык жактар менен накталай эмес жана накталай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
12) МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен МЖӨ долбоорлорун даярдоого;
13) МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун каражаттарынын эсебинен МЖӨ долбоорлорун каржылоо үчүн МЖӨ өнүктүрүү маселелери боюнча иш жүргүзүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга ээ болууга.
6. МЖӨ борборунун ишин уюштуруу
15. МЖӨ борборунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор башкарат.
МЖӨ борборунун директору түздөн-түз Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрине (мындан ары – министр) баш иет.
16. МЖӨ борборунда директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал МЖӨ борборунун директорунун сунушу боюнча министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Директордун орун басары түздөн-түз директорго баш иет жана өзүнүн ишин ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде аткарат. МЖӨ борборунун директору жок учурда анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
18. Директор:
1) МЖӨ борборунун ишин жетектейт жана МЖӨ борборуна жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы жана анын ишинин натыйжасы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында МЖӨ борборунун кызыкчылыктарын билдирет, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык жана финансылык документтерге кол коёт;
3) МЖӨ борборун жетектейт жана анын атынан ишеним катсыз иштейт;
4) өз компетенциясынын чегинде МЖӨ борборунун бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
5) МЖӨ борборунун түзүмүн жана штаттык ырааттамасын министрге бекитүүгө киргизет;
6) МЖӨ борборунун түзүмү жана штаттык ырааттамасы бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде министр тарабынан бекитилет, ал МЖӨ борборунун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана өзгөрүшү мүмкүн. Ошол эле учурда директордун дайындалышы МЖӨ борборунун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;
7) МЖӨ борборунун түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону жана МЖӨ борборунун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
8) МЖӨ борборунун кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
9) МЖӨ борборунун кызматкерлерине сыйлык берүү маселелерин чечет;
10) МЖӨ борборунун кызматкерлерине сый акы берүү жөнүндө жобону жана иштин ички тартибин бекитет;
11) МЖӨ борборунун айырмаланган кызматкерлерин белгиленген тартипте сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды Министрликке киргизет;
12) МЖӨ борборунун кызматкерлерине карата тартиптик жаза чараларын колдонот.
7. МЖӨ борборунун мүлкү жана финансылык-чарбалык иши
19. МЖӨ борбору өз ишин жүргүзүү максатында төмөнкүлөрдү пайдаланат:
1) ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттин менчигинде турган мүлктү;
2) финансы каражаттарын, мүлктү жана башка объекттерди, анын ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
20. МЖӨ борборунун ишин каржылоо, материалдык сыйлоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны күтүү жана өнүктүрүү МЖӨ борборунун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
21. МЖӨ борборунун финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) МЖӨ долбоорлорун каржылоо фондунун каражаттары;
3) гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу төгүмдөрү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Корутунду жоболор
22. МЖӨ борборун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
23. Борбордун ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.