Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө 6-жобо
6-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун (мындан ары – Фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Фонд:
1) Кыргыз Республикасынын Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун укугун улантуучусу болуп саналат;
2) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты жүзөгө ашырган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп эсептелет.
Фонд мамлекеттин менчигинде турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик жер фондунун объекттерин башкарууну жүзөгө ашырат.
3. Фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Фонд өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө жүзөгө ашырат.
5. Фонд юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, банктарда жана казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары бар.
Фонддун уюштуруучулук-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
6. Фонддун фирмалык толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд»;
– расмий тилде: «Фонд по управлению государственным имуществом при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики».
7. Фонддун фирмалык кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд»;
– расмий тилде: «Фонд по управлению государственным имуществом».
8. Фонддун юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 151.
2. Фонддун ишинин максаты
9. Фонддун ишинин максаты мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу, башкаруу жана менчиктештирүү болуп эсептелет.
3. Фонддун милдеттери
10. Фонддун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын ишке ашыруу;
2) мамлекеттик мүлктү эсепке алуу;
3) мамлекеттик ишканаларда жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) Кыргыз Республикасынын мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу.
4. Фонддун функциялары
11. Фонд төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу боюнча функциялар:
– мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин менчик формасындагы мекемелердин негизги каражаттарын эсепке алууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү эсепке алууну уюштуруу боюнча методикалык жана ченемдик документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды Министрликке бекитүү жана кийинки колдонуу үчүн берүү;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын долбооруна киргизүү үчүн мамлекеттик менчик объекттеринин тизмегин түзүү;
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлорду, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун демилгелөө үчүн мамлекеттик менчик объекттеринин тизмегин түзүү жана Министрликке берүү;
- мамлекеттик ишканаларды, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдорду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу боюнча чараларды белгиленген тартипте көрүү;
- мамлекеттик мүлктү чарбалык башкарууга, оперативдүү башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга белгиленген тартипте өткөрүп берүү;
- мамлекеттик менчик объекттерин жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча практикалык чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды жүзөгө ашыруу;
- мамлекеттик ишканаларды чарбалык коомдорго өзгөртүп түзүү боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартибин аныктоо тууралуу долбоорлорду иштеп чыгуу;
- мамлекеттик мүлктү ижарага берүү процессин уюштуруу;
2) жөнгө салуу функциялары:
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктүн реестрин жүргүзүү;
- чарбалык субъекттердин жооптуу сактоосунда турган социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы объекттердин реестрин жүргүзүү;
- менчиктештирилген объекттердин реестрин жүргүзүү;
- мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдалануу жана ишенимдүү башкаруу келишимдеринин реестрин жүргүзүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун уюштуруучусунун, катышуучусунун (акционердин) ыйгарым укуктарын ишке ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордо корпоративдик башкарууну жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрүн жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилерин тандоону жана көрсөтүүнү уюштуруу;
- уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар тейлөө чөйрөсүнө кирген мамлекеттик коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлү менен типтүү келишимди бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жазык жана жазык-процесстик мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттин менчигине өткөрүлүп берилген мүлктү кабыл алуу боюнча практикалык чараларды көрүү;
- мамлекеттик мүлктү акысыз убактылуу пайдалануу келишимдерин каттоо;
- мамлекеттик ишканаларга негизги каражаттарды белгиленген тартипте эсептен чыгарууга макулдук берүү;
- мамлекеттик ишканалардын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
- мамлекеттик ишканалардын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчётун бекитүү;
- республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон мамлекеттик ишкананын таза пайдасынын бөлүгүнүн өлчөмүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын директорлорунун жана алардын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттин өкүлдөрүнүн ишин баалоо;
- мамлекеттик ишканалардын директорлоруна жана алардын орун басарларына сый акы төлөө тартибин бекитүү;
- мамлекеттик ишканалардын типтүү уставын бекитүү;
3) координациялоо, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү функциялары:
- Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген уюмдардын ишин контролдоо жана координациялоо;
- мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталда мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун жана Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген уюмдардын финансылык-чарбалык ишине мониторинг жүргүзүү жана талдоо;
- мамлекеттик мүлктүн ижарага берилишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканалардын пайдасынын бөлүгүн чегерүүлөрдү эсепке алууну жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- чарбалык коомдун уставдык капиталындагы мамлекеттин үлүшүнө таандык дивиденддердин эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн түшкөн каражаттардын эсебин жүргүзүү, алардын республикалык бюджетке өз учурунда төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- ижара акылардын республикалык бюджетке өз убагында төлөнүшүн камсыздоо боюнча чараларды көрүү жана контролдоо;
- мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартибин аныктоо тууралуу долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн ижара төлөмүнүн рыноктук баасына мониторинг жүргүзүү;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун иштеринин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо, аталган көрсөткүчтөргө жетүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
- андан ары натыйжалуу пайдалануу боюнча чараларды кɵрүү үчүн пайдаланылбаган жана токтоп турган мамлекеттик кыймылсыз мүлк объекттерин табуу;
- мамлекеттик ишканалар жана мамлекеттин менчик формасындагы мекемелер ижара келишимин Фонддон каттоодон өткөрбөй туруп, мамлекеттик мүлктү ижарага берген учурларды табуу;
4) колдоо көрсөтүү функциялары:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу жана эсепке алуу маселелерин маалыматтык чагылдыруу;
- мамлекеттик ишканалардын жана уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарга ачык жетүүнү камсыздоо (буга коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтар кирбейт);
- инвестициялык жана коммерциялык долбоорлор, ошондой эле мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлор үчүн сунушталган, Министрлик тарабынан жактырылган мамлекеттик менчик объекттеринин тизмегине ишкерлердин ачык ээ болуусун камсыздоо;
- мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, ижарага берүү жана эсепке алуу процесстерин автоматташтыруу;
- мамлекеттик бийликтин органдарына, мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик мекемелерге кыймылсыз мүлк жана автотранспорт каражаттарын сатып алууга макулдук берүү;
- мамлекеттик ишканаларга жана мамлекеттик мекемелерге уюштурулуп жаткан юридикалык жактардын түзүүчүсү катары чыгууга жана алардын уюмдаштыруучулардын курамынан чыгууга макулдугун берүү;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана экономикалык жана Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча укуктук билимдерди жайылтуу максатында практикалык курстарды, форумдарды, семинарларды, конференцияларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдары үчүн кадрлардын резервин түзүү;
- Фонддун жана анын тейлөө чөйрөсүнө кирген уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- кураторлук кылган иш багыттары боюнча эл аралык кызматташтыкты Министрлик менен макулдашуу менен жүзөгө ашыруу;
- Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын даттанууларын жана арыздарын белгиленген тартипте кароо.
5. Фонддун укуктары
12. Фонд өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик мүлктүн менчик ээси катары мамлекеттин кызыкчылыгын билдирүүгө;
2) Чет мамлекеттерге таандык жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун аныктоого башка мамлекеттер менен келишимдерди даярдоодо катышууга;
3) мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар, башкаруучулар же пайдалануучулар тарабынан тиешелүү келишимдер менен аныкталган милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
4) мамлекеттин атынан юридикалык жактын уюштуруучусу болууга, уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) укугун ишке ашырууга;
5) уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарына тандоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды акционерлердин жалпы чогулушуна киргизүүгө;
6) мамлекеттик ишканалардын жетекчилери, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун башкаруу органдарынын мүчөлөрү катары канааттандырарлык эмес иши үчүн ыйгарым укуктары токтотулган же иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес баа алган адамдардын реестрин жүргүзүү;
7) Фонддун компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттик, кеңешүүчү жана башка органдарды түзүүгө;
8) Фонддун ишине таандык маселелер боюнча консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык, коргоочу жана башка түзүмдөрдү, эксперттерди жана адистерди, анын ичинде чет өлкөлүктөрдү дагы тартууга;
9) мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдардан жана мекемелерден Фонддун маселелерин чечүү үчүн зарыл болгон статистикалык маалыматтарды, маалыматтык жана аналитикалык материалдарды суроого жана алууга;
10) мамлекеттик мүлктүн реестринин маалыматтары менен эсепке алынган объекттердин иш жүзүндө бардыгына жана абалына тандалма салыштырып текшерүүнү ишке ашырууга;
11) мамлекеттик имараттарды жана жайларды мамлекеттик органдарга, мекемелерге жана ишканаларга берүү жөнүндө белгиленген тартипте чечим кабыл алууга;
12) мамлекеттик органдардан, мамлекет катышкан коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдардан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жыйынтыктары боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
13) мамлекеттик ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун жана Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген уюмдардын финансылык-чарбалык иштерине белгиленген тартипте аудит жүргүзүүгө;
14) мамлекеттик ишкананын жетекчиси убактылуу жок болгон же кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда мамлекеттик ишкананын жетекчисинин милдеттерин аткарууну мамлекеттик ишкананын жетекчисинин орун басарына жүктөөгө;
15) маалыматтык жана басма ишин жүргүзүүгө;
16) мамлекеттик мүлктү башкаруу органдарынын системасынын кызматкерлерин сыйлоо үчүн Фонддун ведомстволук сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга, ушул сыйлыктар жөнүндө жоболорду белгиленген тартипте бекитүүгө;
17) Фонддун компетенциясынын чегинде мамлекеттин мүлктүк укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого даттанууларды берүүгө;
18) Фонддун компетенциясына кирген маселелерди ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын жана донорлордун каражаттарын жана гранттарын белгиленген тартипте тартууга;
19) мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча саясатты ишке ашыруу үчүн зарыл болгон изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий-негизделген сунуштамаларды иштеп чыгууга илимий мекемелер, окуу жайлары, окумуштуулар менен келишимдерди түзүүгө;
20) мамлекеттик ишканага таандык болгон мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоону жүргүзүү максатында мамлекеттик ишканаларды текшерүү жүргүзүүгө жана аймагына барууга жооптуу кызматкерлерге ыйгарым укук берүүгө;
21) кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизүү үчүн мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоонун жана эсепке алуунун жыйынтыгы толук эмес жана анык эмес экендиги аныкталган учурларда мамлекеттик органдардын жетекчилерине тартиптик жаза чараларын көрүү жөнүндө Министрликке сунуш киргизүүгө;
22) сатып алуу-сатуу тартуулоо келишиминин, же башка бүтүмдөрдүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, соттук органдардын актыларынын негизинде мүлктөрдү алууга;
23) мүлктүн менчик ээси жок болгондо, менчик ээси белгисиз болгондо, же мүлктөн менчик ээси баш тартканда, же болбосо башка негиздер боюнча менчик ээси мүлккө укугун жоготкондо, жарандык мыйзамдарда каралган учурда жана тартипте мүлккө мамлекеттин менчик укугун алууга;
24) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
6. Фонддун ишин уюштуруу
13. Фондду төрага башкарат, аны Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
Фонддун төрагасы түздөн-түз министрге баш иет.
14. Төраганын орун басарлары бар, алар министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Төрага жок учурда анын милдеттерин төраганын орун басарларынын бири аткарат.
15. Фонддун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
16. Фонддун төрагасы:
1) Фонддун, ведомстволук уюмдарынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Фондго жүктөлгөн тапшырмаларды жана функцияларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат;
2) эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Фонддун атынан чыгат, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт;
3) орун басарлардын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, Фонддун башка кызмат адамдарынын Фонддун компетенциясына кирген оперативдүү, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүш-чарбалык жана башка маселелерин чечүү боюнча ыйгарым укуктарын белгилейт;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот;
5) Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин жана жетекчилердин орун басарларын кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун ички иштөө тартибин аныктайт;
7) белгиленген тартипте айырмаланган кызматкерлерди сыйлайт, ошондой эле кызматкерлерге ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө Министрликке сунуш киргизет;
8) Фонддун кызматкерлерине жана Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген уюмдардын жетекчилерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик жаза чараларын колдонот;
9) Фонддун кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон буйруктарды чыгарат;
10) Фонддун атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фонддун мүлкүн жана каражаттарын башкарат жана тескейт;
11) уюштуруу-укуктук формаларына карабастан юридикалык жактар менен, ошондой эле Фонддун милдеттерине жана функцияларына ылайык жеке адамдар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү белгиленген тартипте түзөт;
12) белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана штаттык санынын чегинде Фонддун түзүмүнүн жана штаттык ырааттамасынын долбоорлорун министрге бекитүүгө киргизет;
13) Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген мамлекеттик мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Министрлик жөнүндө жобого жана ушул Жобого ылайык Фонддун ишин жетектөө боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17. Фонд өзүнүн ишин министрдин, кураторлук кылган министрдин орун басарынын, ошондой эле Фонддун төрагасынын түздөн-түз жетекчилиги астында жүргүзөт.
18. Фонддун түзүмү жана штаттык ырааттамасы министр тарабынан бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы төлөө фондунун чегинде бекитилет, аны өзгөртүү Фонддун милдеттеринин жана функцияларынын өзгөрүшүнө байланыштуу гана ишке ашырылышы мүмкүн. Мында Фонддун жаңы төрагасын дайындоо Фонддун түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбейт.
19. Фонд жыл сайын, отчёттук мезгилден кийинки жылдын январынан кечиктирбестен, өткөн отчёттук жылдагы иштин жыйынтыктары жөнүндө Министрликке отчёт берет.
20. Фонддо коллегия түзүлөт, анын курамына Фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү, Министрликтин өкүлдөрү, ошондой эле Фонддун борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет.
Коллегия мүчөлөрүнүн жеке курамын министр бекитет. Фонддун коллегиясы жөнүндө жобону Фонддун төрагасы бекитет.
21. Фонддун жана Фонддун тейлөө чөйрөсүнө кирген ведомстволук уюмдардын жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын козгогон чечимдерин жокко чыгаруу же кайра кароо кызыкдар жактардын доосу боюнча соттук тартипте жүргүзүлөт.
7. Фонддун финансылары жана чарбалык иши
22. Фонд өз ишин жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөрдү колдонот:
1) оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилип берилген мамлекеттик менчиктеги мүлктү;
2) финансылык каражаттарды, мүлктү жана башка объекттерди, Фонддун ишинин натыйжасында пайда болгон интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продуктусу түрүндөгү материалдык эмес баалуулуктарды.
23. Фонддун ишин каржылоо, материалдык кубаттоо жана социалдык төлөмдөр, материалдык-техникалык базаны тейлөө жана өнүктүрүү Фонддун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
24. Фонддун финансылык каражаттарынын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары;
2) гранттык негизде алынган каражаттар, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
8. Корутунду жоболор
25. Фонд өз ишинде Министрликке отчёт берет.
26. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
27. Фонддун ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.