# Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 290 ""2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 290 ""2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 290
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158754>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21256/edition/1113568/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158754.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 290 ""2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтому (03.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158754

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ

ТОКТОМ 2021-жылдын 3-декабры № 290 "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:

- "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

А.Жапаров

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө 1-берене. 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 290 токтому менен жактырылган

"2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине ылайык келет. "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоорунун максаты жер көчкү процесстеринин тобокелдиктерин башкарууда өлкөнүн потенциалын жогорулатуу жана жер көчкү учурларынын тобокелдиктерин кыскартуу болуп саналат. Кыргыз Республикасына жер көчкүсү тобокелдиктерин азайтуу жаатында колдоо көрсөтүү максатында долбоордун алкагында жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон кырларды турукташтыруу, түшүрүү, жеринде жер көчкүлөргө мониторинг жүргүзүү системасын жакшыртуу жана алардын кесепеттерин жеңилдетүү, калкты көчүрүү, жер көчкүлөрдүн тобокелдигин баалоодо мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын потенциалын жогорулатуу боюнча инженердик-курулуш иш-чаралары жүргүзүлөт. "Кыргыз Республикасында жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү финансы каражаты 39 млн. АКШ долларын түзөт, алардын ичинде:

- Азия өнүктүрүү банкынын Атайын фондунун гранты - 23,5 млн. АКШ доллары;

- Азия өнүктүрүү банкынын кредити - 11,5 млн. АКШ доллары;

- Кыргыз Республикасынын салымы - 4 млн. АКШ доллары.

Кыргыз Республикасынын 4 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү салымы курулуш иштерине, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө салыктардан жана алымдардан, эл аралык консультанттарын киреше салыгынан бошотууга, көчүрүлгөн тургундардын убактылуу жашоосу үчүн акчалай эмес салымдарга жумшалат. Азия өнүктүрүү банкынын кредит берүүсүнүн финансылык шарттары: кредит 32 жылга, анын ичинде мөөнөтү узартылган мезгилдин ичинде 1% пайыздык ставка жана ар бир кийинки жылга 1,5% жылдык пайыздык ставка менен 8 жылдык жеңилдетилген мезгилге берилет. Долбоордун ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл. Бул макулдашууларды ратификациялоо кандайдыр бир терс, финансылык-экономикалык, социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык жана башка кесепеттерге алып келбейт. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аталган макулдашуулар кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жана Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 16-августундагы № 141-т тескемеси менен жактырылган. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык макулдашуулар ратификацияланууга тийиш.

Төрага

А.У. Жапаров
