# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 285 “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 285 “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 285
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158750>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21253/edition/1111586/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158750.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 285 “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу" токтому (30.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158750

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 30-ноябры № 285 “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу тууралуу “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Төрага

А.У. Жапаров

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 285 токтому менен жактырылган

“Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Б. Кенжебаев, Н.О. Сыдыгалиев, У.Т. Кыдыралиев, Т.И. Икрамов, У.О. Самаев, Ш.К. Атазов, М.Б. Эгембердиев, Д.Ш. Исаева, О.М. Бакиров жана Б.Ж. Жетигенов демилгелеген “Дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына (“Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

1. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин сегизинчи абзац менен толуктоо сунушталат, ага ылайык Олимпиада жана Паралимпиада оюндарынын, Азия жана Паразия оюндарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине, ошондой эле олимпиадалык жана паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттарынын чемпиондоруна жана байге ээлерине же Азиянын чемпиондоруна жана алардын машыктыруучуларына (башкы машыктыруучусуна, улук машыктыруучусуна, жеке машыктыруучусуна, биринчи машыктыруучусуна), врачтарга бир жолку акчалай сыйлыктарды базалык төлөөнүн тартибин аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарына кирет.

Бирок Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-пункту менен жогоруда аталган Мыйзамды 321-берене менен толуктоо сунушталат, анда бир жолку акчалай сыйлыктарды төлөө өлчөмдөрү, ошондой эле аларды төлөөнүн тартиби каралгандыгын белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу сунушталган Мыйзамдын долбоорунда ички карама-каршылыктар бар экендигин белгилейбиз. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда колдонулган “бир жолку акчалай сыйлыктардын базалык төлөөлөрү” деген терминдин түшүнүгүн тактоону сунуштайбыз. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун текстинен Мыйзамдын долбоорунда каралган төлөмдөр кайсы врачтарга берилери белгисиз.

2. Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин акыркы абзацына ылайык аткаруу бийлигинин ишин жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу жак өзүнүн ченемдик укуктук актылары менен байгелүү орундар үчүн бир жолку акчалай сыйлыктарды көбөйтүүгө жана башка орундар үчүн бир жолку акчалай сыйлыктарды белгилөөгө укуктуу.

Ошону менен бирге кайсы ыйгарым укуктуу жак жөнүндө сөз болуп жаткандыгы белгисиз экендигин белгилейбиз. Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) укуктуу болгон ченем жаратуучу органдардын (кызмат адамдарынын) толук тизмеги аныкталгандыгын, алардын катарына жогоруда аталган ыйгарым укуктуу жактын кирбегендигин белгилеп кетүү зарыл. Жогоруда жазылгандардын негизинде ыйгарым укуктуу жактын ченемдик укуктук актыларды чыгаруу жолу менен акчалай сыйлыктарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн караган Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин акыркы абзацын алып салуу зарыл.

3. Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда АКШ долларында көрсөтүлгөн төлөмдөрдүн суммасын Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 35-беренесин эске алуу менен кайра карап чыгууну сунуштайбыз, ага ылайык Кыргыз Республикасында акча бирдиги болуп сом эсептелет, мындан тышкары сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча милдеттүү түрдө кабыл алынат.

4. Мыйзамдын долбоорунун сунушталган 321-беренесинде бир жолку акчалай сыйлыктардын мамлекеттик төлөмдөрүнөн салыктар жана социалдык төгүмдөр алынбайт деп көрсөтүлгөн.

Бирок камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө жана төлөө маселелери салык мыйзамдарынын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жөнгө салуу предмети болуп саналарын белгилейбиз. Ошону менен бирге “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткан толуктоо “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине дал келбейт деп белгилейбиз, ага ылайык камсыздандыруу салымдары эмгек акынын (кирешенин) бардык түрлөрүнө, түрткү берүүчү жана компенсациялоочу мүнөздөгү төлөмдөргө (анын ичинде бир жолку сыйлыктарга) ошондой эле подряд, акы төлөп кызмат көрсөтүүлөр, тапшырма келишими боюнча иштер үчүн төлөмдөргө жана аткарылган иш үчүн төлөнгөн автордук гонорарларга карата эсептелет.

5. Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык аталган Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен финансылык чыгымдарга алып келбейт, бул спорттук мелдештердин байге ээлерине, алардын машыктыруучуларына жана врачтарга акчалай төлөмдөрдү белгилөөнү караган Мыйзамдын долбоорунун мазмунуна ылайык келбейт (алдын ала эсептөөлөр боюнча Олимпиада же Паралимпиада оюндарынын байге ээлерине – 30,4 млн сом, Азия же Паразия оюндарынын, олимпиадалык же паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттарынын байге ээлерине – 11,2 млн сом, юниорлор арасында олимпиадалык же паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлерине – 6,1 млн сом).

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 86-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынарын белгилеп кетүү зарыл. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын көңүлгө алып, негиздеме-маалымкатта тиешелүү финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү чагылдырууну сунуштайбыз.

6. Кыргыз Республикасынын Президентинин менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө жарлыктарына, ошондой эле бардык мыйзамдык базаны оптималдаштырууга жана өркүндөтүүгө, колдонуудагы баалуулуктарды жана принциптерди, жаңы багыттарды кайра карап чыгуунун негизинде масштабдуу жана сапаттык өзгөрүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экономиканы стабилдештирүү боюнча аракеттенүү планына ылайык Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун негизги максаты болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын азыркы экономикалык шарттарга адаптациялоо жана салык төлөөчүлөрдүн иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү саналат.

7. Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин каралып жаткан Мыйзамдын долбооруна ылайык келтирүү тапшырмасы берилген.

Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиштигин белгилейбиз. Мында аталган Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда негиздеме-маалымкатта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча маалымат жок. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкса, мыйзамдар менен мыйзамдык актылардын ортосундагы укуктук вакуумду жоюу максатында Мыйзамдын долбоорунун күчүнө кирүү мөөнөтүн узартуу керектигин белгилейбиз. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-майындагы № 114 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп өзгөртүлүп түзүлгөндүктөн, Мыйзамдын долбоорунун 4-беренесиндеги “Өкмөтү” деген сөздү “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштыруу керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган Мыйзамдын долбоорун ушул корутундуда жазылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.
