# КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 254
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/158746>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-21251/edition/1111571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/158746.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 254 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/158746

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 15-ноябры № 254 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 520 "Мамлекеттик органдардын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;

- Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду:

- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 137 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартындагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А.У. Жапаров

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун башкаруу СХЕМАСЫ
