Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 1-декабры № 286 “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага
А.У. Жапаров
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 1-берене Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 398-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1)преамбуласындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 2-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “болжолдонуучу” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндө:
1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “1) бюджет ресурстарынын администратору - салыктык кирешелерди, Бажы бирлигинин бажы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы органдары тарабынан белгиленген тартипте алынуучу бажы төлөмдөрүн, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин салыктык эмес кирешелерин (ресурстарын) чегерүү, жыйноо, эсепке алуу жана туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоо боюнча бир же жыйынды иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле анын түзүмдүк, ведомстволук караштуулуктагы бөлүкчөлөрү;”; 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын: “381) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу - максаттуу багыттарды жана болжолдонуучу негизги көрсөткүчтөрдү чагылдыруу менен келерки мезгилге Кыргыз Республикасын социалдык - экономикалык өнүктүрүүнүн багыттары, критерийлери, принциптери, максаттары жана артыкчылыктары жөнүндө илимий негизделген түшүнүктөрдүн тутуму;”; төмөнкүдөй мазмундагы 401-пункт менен толукталсын: “401) Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму – орто мөөнөттүү (3 жылдан 5 жылга чейин), узак мөөнөттүү (10 жыл жана андан көп) мезгилдерге өлкөнү өнүктүрүүнү камсыздоочу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоонун катышуучуларынан турган өз ара байланышкан элементтердин жыйындысы;”;
3) 5-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) 6-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “Жогорку Кеңештин Бюджеттик резолюциясында” деген сөздөр “Фискалдык саясаттын негизги багыттарында” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) 8-беренесинде:
-6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “6. Функционалдык классификация мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарына жана милдеттерине ылайык алар тарабынан аткарылган функцияларга жараша бюджеттердин чыгымдарынын классификациясын билдирет.”;
- 9-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) 14-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөткө” деген сөз “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
7) 15-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 18-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин кирешелери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген салыктар, бажы төлөмдөрү, салыктык эмес төлөмдөр, төгүмдөр, камсыздандыруу төгүмдөрү, чегерүүлөр жана жыйымдар түрүндө, ошондой эле алынган трансферттер түрүндө Кыргыз Республикасынын тийиштүү бюджеттерине түшүүчү акчалай каражаттар болуп саналат.”;
9) 19-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
10) 23-беренесинде:
2-бөлүгүнүн 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 2-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “5) эпидемиологиялык кырдаал начарлаганда;”; 5-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 24-беренесинин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Жергиликтүү бюджеттин резервдик фондунун өлчөмү тийиштүү жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнөн 1 пайыздан ашпашы керек (аткаруу бийлигинин органдарынын муниципалдык акы төлөнүүчү кызматкөрсөтүүлөрүнөн резервдик фонддордун каражаттарын жана түшүүлөрдү эсепке албастан).”;
12) төмөнкүдөй мазмундагы 241-берене менен толукталсын:
“241-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин фонду
1. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Президентинин фондун (мындан ары - Президенттин фонду) түзүү каралат.
2. Президенттин фондунун булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынан 1 пайыздан ашпаган бюджеттик каражаттар (Президенттин фондунун суммасын эсепке албастан);
2) демөөрчүлүк жардам;
3) коррупциялык иштер боюнча орду толтурулган каражаттар;
4) башка булактар.
4. Президенттин фондунун каражаттары төмөнкүлөргө багытталат:
1) инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого;
2) калктын социалдык-экономикалык абалга жакшыртууга;
3) билим берүү программаларынаа жана чет өлкөдө билим берүү программалары боюнча окуп жаткан студенттерди каржылоого;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары - Президент) чечими менен аныкталуучу башка иш-чараларга.
5. Президенттин фондунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин чечими менен аныкталат.
6. Жогоруда көрсөтүлгөн максаттарга пайдаланылбаган учурда бул каражаттар бюджеттин тартыштыгын кыскартууга багытталат.”;
13) 25-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“25-берене. Резервдик фонддор
1. Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары – Жогорку Кеңештин Төрагасы) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы), ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун түзүү каралат.
2. Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджеттин бекитилген чыгымдарынан ар бир резервдик фонд боюнча 0,02 пайыздан ашпайт (резервдик фонддун суммасын эсепке албастан).
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун өлчөмү республикалык бюджет жөнүндө тийиштүү мыйзам менен бекитилет.
3. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин негизинде ишке ашырылат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий веб-сайттарында жарыяланууга тийиш.
Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Жогорку Кеңештин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Президенттин тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартиби Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тийиштүү чечимдери менен аныкталат. Резервдик фонддордун каражаттарын пайдалануу тууралуу маалымат тийиштүү мамлекеттик органдардын расмий сайттарында квартал сайын жарыяланууга тийиш.
4.Резервдик фонддордун каражаттары социалдык маанилүү мүнөздөгү шашылыш жана күтүлбөгөн чыгымдарды каржылык камсыздоо үчүн гана пайдаланылат.
5. Резервдик фонддордун каражаттарын төмөнкүлөргө пайдаланууга жол берилбейт:
1) шайлоолорду, референдумдарды өткөрүүгө;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын ишин чагылдырууга;
3) мамлекеттик кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөгө жана материалдык сыйлоого;
4) мамлекеттик органдардын ишин учурдагы материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо боюнча иш-чараларга.
6. Резервдик фонддорду пайдалануу жөнүндө маалымат республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетко тиркелет жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.
Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддорун пайдалануу тууралуу маалымат Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын чечимдеринин көчүрмөлөрүн тиркөө менен кварталдык отчетко тиркелет.”;
14) 27-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:
“11. Тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албастан жыйынды кирешелерди мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албастан бюджеттин жыйынды чыгымдарынан ашыруу - тышкы кредиттерди жана гранттарды эсепке албастан бюджеттин профицитин түзөт, ал эми мамлекеттик тышкы инвестицияларды эсепке албастан жыйынды чыгымдарды тышкы булактардан (гранттар) расмий трансферттерди эсепке албастан бюджеттин жыйынды кирешелеринен ашыруу - тышкы кредиттерди жана гранттарды эсепке албастан бюджеттин тартыштыгын түзөт.”;
15) 28-беренесинде:
- “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “тышкы” деген сөз алып салынсын;
16) 29-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “жана Жогорку Кеңешке жиберет” деген сөздөр алып салынсын;
17) 30-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Мамлекеттик инвестициялар - бул Кыргыз Республикасынын эл аралык макулдашууларынын негизинде тышкы карызга алууларды жана гранттарды эсепке алуу менен ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттары.”;
18) 31-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
19) 32-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
20) 33-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
21) 34-беренесинде:
- 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Региондорду өнүктүрүү фонддору аймактарды социалдык- экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү, максаттуу багыттагы иш-чараларды өнүктүрүү жана ишке ашыруу боюнча инфратүзүмдүк жана инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган.
2. Региондорду өнүктүрүү фонддору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү чегерүүнүн, түшүүлөрдүн жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлөт.”;
- 4-бөлүгүндөгү “Өкмөт”- деген сөз -Министрлер-Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
22) 35-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
23) төмөнкүдөй мазмундагы V1 бөлүм менен толукталсын:
“V1 бөлүм. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү, пайдалануу жана башкаруу 431-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду (мындан ары — Турукташтыруу фонду) - Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн, сактык жана турукташтыруу функцияларын ишке ашыруучу бюджеттик эмес фонд. Сактык функциясы материалдык эмес активдерден тышкары, финансылык активдердин жана башка мүлктүн топтолушун жана тобокелчиликтин орточо деңгээлинде узак мөөнөттүү келечекте Турукташтыруу фондунун активдеринин кирешелүүлүгүн камсыз кылат. Турукташтыруу функциясы Турукташтыруу фондунун активдеринин талаптагыдай ликвиддүүлүк деңгээлин колдоо үчүн арналган. 432-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары
1. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) стратегиялык объекттерди менчиктештирүү;
2) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казына участокторун сатуу;
3) Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер;
4) башка кирешелер.
2. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер Турукташтыруу фондун финансылык инструменттерге жана башка инструменттерге жайгаштыруудан түзүлөт.
433-берене. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун пайдалануу
1. Турукташтыруу фондунун каражаттары төмөнкүлөргө чыгымдалат:
1) кечиктирилгис чечүүнү талап кылган мамлекеттик экономикалык программаларды ишке ашырууга;
2) негизги фонддорду түзүүгө, көбөйтүүгө, жаңылоого, модернизациялоого;
3) экономика тармактарын өнүктүрүүгө;
4) экономика кескин начарлаган жана бюджеттин кирешелери кыскарган учурда республикалык бюджеттин кирешелеринин корголгон беренелерин каржылоого.
2. Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.”;
24) 47-беренесинин 32-пунктундагы “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
25) 10-главасынын аталышындагы “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
26) 49-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
27) 50-беренесинде:
- берененин аталышында жана тексти боюнча түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: “Министрлер Кабинета жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга түзүү жана аткаруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу обочолонгон бюджеттердин алкагында айрым жалпы мамлекеттик чыгымдарды ишке ашырууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу.”;
28) төмөнкүдөй мазмундагы 501-берене менен толукталсын:
“501-берене. Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарына жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чыгымдары Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдарына жана жарандык коомдун башка институттарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү чыгымдары Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипке ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик гранттар жана социалдык заказ формасында жүргүзүлөт.”;
29) 54-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“54-берене. Теңдештирүүчү трансферттер
1. Теңдештирүүчү трансферттер - бул жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлдеринин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.
2. Теңдештирүүчү трансферттердин көлөмдөрүн аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.”;
30) 55-беренесинин 2-бөлүгүндө:
- биринчи абзацы “бюджеттен” деген сөздөн кийин “жергиликтүү бюджеттерге” деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде жергиликтүү маанидеги маселелерди аткаруу боюнча иш-чараларды каржылоого;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
“4) райондук маанидеги шаарларды өнүктүрүүгө, аларды берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат”;
31) 56-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
32) 57-беренесинде:
- “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Бюджеттик ссуда - кайтарымдуу, мөөнөтүү жана пайызсыз негизде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке же бир жергиликтүү бюджеттен экинчи жергиликтүү бюджетке бөлүнүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар жергиликтүү бюджеттердин каржылык кыйынчылыктарында берилет. Бюджеттик ссудаларды берүү боюнча өз ара мамилелер Кыргыз Республикасынын тийиштүү келишимдери жана ченемдик-укуктук актылары менен жөнгө салынат.”;
33) 13-главасынын аталышындагы “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
34) 58-беренесинде:
- аталышындагы “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
“4) экономиканы өнүктүрүү, инвестициялык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоо;
5) коммерциялык жана коммерциялык эмес ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактардын алдындагы бюджеттик милдеттенмелерди тындыруу.”;
35) 59-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү “эки болжолдонгон мезгилге” деген сөздөр “пландуу мезгилге” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
36) 60-беренесиндеги “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
37) 61-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сездөр менен алмаштырылсын;
38) 62-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “Жогорку Кеңеш” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын мыйзамы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
39) 63-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“63-берене. Мамлекеттик кепилдиктер Мамлекеттик кепилдик Министрлер Кабинети насыя берүүчүлөрдүн алдында эл аралык келишимдер менен каралган белгиленген мөөнөттөрдө кепилдик субъекти тарабынан төлөнбөгөн карыздарды төлөп берүүгө милдеттенме алган келишимге ылайык жана эл аралык, мамлекеттер аралык уюмдардагы мүчөлүгүнүн алкагындагы милдеттенмелер боюнча берилет. Кыргыз Республикасы мамлекеттик кепилдиктерди Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берет.”;
40) 65-беренесиндеги түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
41) 66-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
42) 67-беренеси “тейлөө боюнча” деген сөздөрдөн кийин “ар жылдык” деген сөздөр менен толукталсын;
43) VIII бөлүмү күчүн жоготту деп таанылсын;
44) 80-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Республикалык бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү болжолунун жана Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын негизинде жана ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.”;
45) 81-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
46) төмөнкүдөй мазмундагы 171-глава менен толукталсын:
“171-глава. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу 811-берене. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу Мамлекеттик болжолдоо процесси Кыргыз Республикасын социалдык- экономикалык өнүктүрүүнүн максаттуу багыттарын иштеп чыгуу, бекитүү, ишке ашыруу, мониторингдөө, баалоо, түзөтүү боюнча чаралар комплексин пайдалануу аркылуу ишке ашырылат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жалпы республика, экономиканын тармактары жана секторлору, Кыргыз Республикасынын региондору боюнча иштелип чыгат. Социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу ички жана тышкы экономикалык, социалдык жана башка факторлордун мүмкүн болуучу таасирин эске алуучу ар кандай варианттарда иштелип чыгат. Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун берүү, кароо жана бекитүү тартиби Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоо тутуму жана Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолун иштеп чыгуу тартиби жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык регламенттелет.”;
47) 82-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү “кийинки үч жылга” деген сөздөр “кийинки беш жылга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү боюнча кийинки үч жылга контролдук цифраларды кошуп алганда негизги категориялар боюнча кийинки беш жылга бюджеттин чыгымдарын;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын долбоору кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен түзүлөт жана Министрлер Кабинетинин Кеңешине кароого берилет. Фискалдык саясаттын негизги багыттарынын орто мөөнөттүү бюджеттик негизинин долбоору боюнча кайчы пикирлер келип чыккан учурда Министрлер Кабинетинин Кеңеши тарабынан кезектеги бюджеттик жылга чейинки жылдыл 15-июнунан кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алынат. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фискалдык саясаттын негизги багыттары боюнча кайчы пикирлерди кароону уюштурат.”;
- 7-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-бөлүгүндөгү “Өкмөттүн токтому” деген сөздөр “Министрлер Кабинетинин Кеңешинин чечими” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
9-бөлүгүндөгү “пландаштыруу” деген сөз “болжолдоо” деген сөз менен алмаштырылсын;
48) 83-беренесинде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Министрлер Кабинетинин Кеңеши Фискалдык саясаттын негизги багыттарын орто мөөнөттүү мезгилге түзүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун, анын ичинде республиканын сот тутумнун иш-аракеттерин координациялайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиги алдында тышкы карыз алуулардын эсебинен каржылоосу пландалган мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жактырат жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун учурдагы ишке ашыруу маселелерин карайт. Министрлер Кабинетинин Кеңешинин курамына Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, ассоциациялардын жана жергиликтүү коомдоштуктардын бирликтеринин өкүлдөрү кирет. Министрлер Кабинетинин Кеңеши өзүнүн жыйналыштарына катышуу үчүн аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин тартууга укуктуу. Министрлер Кабинетинин Кеңешинде бюджеттин долбоорун кароодо Жогорку Кеңештин депутаттары, тармактык комитетинин мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) катыша алышат.”;
- 2-бөлүгүндөгү “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3 жана 4-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
49) 84-беренесинде:
- “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүнүн 3-пунктундагы “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
50) 85-беренесинин 4-бөлүгүндөгү “Өкмөтү” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
51) 87-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
52) 89-беренесинде:
- 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин долбоорлору кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге түзүлөт.
2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоору болжолдуу беш жылга Фискалдык саясаттын негизги багыттарында каралган параметрлердин негизинде түзүлөт.”;
- 3-бөлүгүндөгү “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
“5. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоору Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тескөөчү обочолонгон бюджеттер киргизилиши мүмкүн.”;
53) 90-беренесинде:
- 1-бөлүгүндөгү “болжолдонуучу эки мезгилге” деген сөздөр “пландуу мезгилге” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүндөгү “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
54) 91-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
55) 92-беренесиндеги түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
56) 93-беренесиндеги түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
57) 94-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
58) 95-беренесинин 1-бөлүгүндө:
- “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
59) 96-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1 -бөлүгүндөгү “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “Премьер-министринин” деген сөз “Министрлер Кабинетинин Төрагасынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
60) 97-беренесинде:
- 2-бөлүгүнүн 2-пунктундагы “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүндөгү “Өкмөткө” деген сөз “Министрлер Кабинетине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
61) 98-беренесинде:
- “кийинки болжолдонгон” деген сөздөр “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы “Өкмөттүн” деген сөз “Министрлер Кабинетинин” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
62) 99-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүндөгү “кийинки болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
63) 102-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
4) 103-беренесиндеги түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
65) 104-беренесинде:
- 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-бөлүгүндөгү “жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине” деген сөздөр алып салынсын;
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
66) 105-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“105-берене. Бирдиктүү казыналык эсеп
1. Бирдиктүү казыналык эсеп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борборлоштурулган эсебин билдирет, анда Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин акча каражаттары топтолот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетин кассалык аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын операциялары чагылдырылат. Бирдиктүү казыналык эсеп Улуттук банкта ачылат. Улуттук банк Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бирдиктүү казыналык эсепти тейлөө боюнча банктык операцияларды ишке ашырат.
Бирдиктүү казыналык эсептин иштөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттик каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди ачат.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкта жана коммерциялык банктарда ушул Кодекске, Кыргыз Республикасынын банк тутумунун мыйзамдарына жана башка мыйзам актыларына ылайык пайыздарды алуу максатында Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин убактылуу эркин каражаттарын жайгаштырат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумунун тикелей катышуучусу болуп саналат, ошондой эле корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгат жана Бирдиктүү казыналык эсеп аркылуу эсептешүүлөрдү жүргүзөт.
5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин акча каражаттарынын калдыктарынын чектеринде республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгашалары боюнча төлөмдөрдү жүргүзөт.
Бирдиктүү казыналык эсепке киргизүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү, камсыздандыруу жыйымдарын төлөө боюнча төлөөчүлөрдүн акча каражаттарын которуу Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бирдиктүү казыналык эсептен акча каражаттарын эсептен чыгаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тапшырмасы боюнча Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
6. Бюджеттик мекемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын уруксатысыз коммерциялык банктарда эсептерди ачууга укуксуз.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү учурларда коммерциялык банктарда эсептерди ачууга бюджеттик мекемеге уруксат берүүгө укуктуу:
1) бюджеттик мекеме тарабынан грант берүүчүлөрдүн коммерциялык банктарда өзүнчө (валюталык) эсебинин болушу жөнүндөгү шартта чет өлкөлүк инвесторлордон гранттарды, демөөрчүлүк жана гуманитардык жардамды алган;
2) эл аралык финансы институттары же башка чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан бекер каржыланган биргелешкен илимий-изилдөө программасына бюджеттик мекеме катышкан;
3) чет өлкөлүк инвесторлор/инвесторлор (аккредитив жана башкалар) алдында келишимдик мамилелерди аткаруунун алкагында бюджеттик мекеменин акча каражаттарын андан ары которуу максатында убактылуу жайгаштыруу;
4) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келишимди аткаруунун кепилдигин камсыз кылуу түрүндө түшкөн акча каражаттарын топтоо жана башкаруу.
7. Бюджеттик тутумдун бюджеттик мекемелеринин акча каражаттары менен операциялардын бухгалтердик эсеби Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде ачылган өздүк казыналык эсептеринде жүзөгө ашырылат. Бирдиктүү казыналык эсептин ичинде акча каражаттары менен операцияларды эсепке алуу үчүн бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) жана ресурстардын администраторлорунун казыналык өздүк эсептеринин тизмегин ачуу, жабуу жана жүргүзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан борборлоштуруп аткарылат.
8. Казыналык өздүк эсептер каражаттарды түзүү булактары боюнча бюджеттик, администрациялануучу, атайын жана депозиттик эсептерге бөлүнөт:
1) бюджеттик эсептер - бюджеттик каражаттарды тескөөчүнүн негизги ишин каржылоого бюджеттен жумшалган бюджеттик каражаттар боюнча операциялар эсепке алынган эсептер;
2) администрациялануучу эсептер - бюджет ресурстарынын администратору болуп саналган тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан администрациялануучу Бирдиктүү казыналык эсепке тушүүлөрдү эсепке алуу эсеби;
3) атайын эсептер - төмөнкүлөр түрүндө түшүүлөр эсепке алынуучу эсептер:
а) мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр;
б) демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төлөмдөр;
в) көзөмөлчүлүк төлөмдөр;
г) кайрымдуулук же гранттык жардам;
д) биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр;
е) өздүк чыгарылган товарларды сатуудан каражаттар;
ж) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка каражаттар;
4) депозиттик эсептер - убактылуу тескөөгө (сактоого) түшкөн жана аныкталган шарттар келип чыккан учурда аларды которгон жеке (юридикалык) жактарга кайрып берүүгө же багыты боюнча которууга тийиш болгон каражаттар боюнча операциялар эсепке алынуучу кардардын эсептери.
9. Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жайгашкан бюджеттик мекемелерди тейлөө Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартипте жүзөгө ашырылат.”;
67) 106-беренесинде:
- “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
“5) ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошол датага карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра саналат. Акчалай беренелер боюнча кайра саноодо пайда болгон курстук айырма киреше же чыгым деп таанылат ”; -4-бөлүгүндөгү “органдары аймактык бөлүмдөрү” деген сөздөр “органдын аймактык бөлүкчөлөрү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгүндөгү “милдеттүү жана” деген сөздөр алып салынсын;
68) 107-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгүндөгү “болжолдонгон” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын;
69) 108-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын”;
70) 109-беренесинде:
- 2-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 4-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- “5. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун процессинде аларды кайра бөлүштүрүү бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү талап кылбайт.”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-бөлүктөр менен толукталсын:
“6. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү мамлекеттик инвестициялардын алкагында инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча чыгымдардын экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосунда бюджеттик каражаттардын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды бөлүштүрүүгө укуктуу.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик инвестициялардын алкагында инвестициялык долбоорлордун бюджеттерин аткаруу процессинде бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү менен макулдашуу боюнча чыгымдардын функционалдык жана ведомстволук классификациясынын беренелеринин ортосунда тийиштүү жылдын жалпы ассигнованиелеринин чегинде каражаттарды бөлүштүрүүгө укуктуу.”;
71) 110-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
“21. Жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча бюджеттин тартыштыгын жабуу (каржылоо) булагы болуп саналбайт.”;
72) 111-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
73) 112-беренесинин 2-белүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Казыналык эсептеги депозиттик суммаларды сактоо мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат жана 3 жылдан ашпашы керек.”;
74) 113-беренесинин 2-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
75) 115-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-1-бөлүгүнүн 4-пунктундагы “106” деген цифралар “107” деген цифралар менен алмаштырылсын;
76) 116-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“116-берене. Республикалык бюджетти аткаруу тууралуу отчетту түзүү, кароо жана бекитүү
1. Бюджеттик каражаттарды алуучулар отчеттук мезгилдин жыйынтыктары боюнча бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте түзүшөт.
2. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко кыскача макроэкономикалык баяндама жана төмөнкүдөй маалыматтар кирет:
1) республикалык бюджеттин көрсөткүчтөрүн аткаруу жөнүндө: кирешелер, чыгымдар, активдер жана милдеттенмелер менен операциялар, тартыштык;
2) Мамлекеттик бюджеттик резервди жана Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын резервдик фонддорун пайдалануу жөнүндө;
3) бюджеттик мекемелердин кредитордук жана дебитордук карыздарынын абалы жөнүндө;
4) мамлекеттик карыздын абалы жөнүндө;
5) мамлекеттик карыз боюнча операциялар жөнүндө;
6) республикалык бюджетти аткаруу боюнча объективдүү жана субъективдүү четтөөлөр жөнүндө.
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетгик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттун курамында республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту түзөт жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1 -майынан кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.
4. Министрлер Кабинети ушул Кодекстин талаптарына ылайык отчеттук мезгилден кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен отчеттук жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт жана Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.
5. Министрлер Кабинети өткөн жылдагы республикалык бюджетти аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө Эсептөө палатасынын отчетун карап чыгып, ал боюнча белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө ченемдик укуктук актыны кабыл алат жана отчеттук мезгилден кийинки жылдын 10-сентябрына чейин аны маалымат иретинде Жогорку Кеңешке жиберет.
6. Кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алуу тууралуу чечимди анын аткарылышына баа берүү менен отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен бир окууда кабыл алат.”;
77) 118-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндөгү “мыйзам долбоорун” деген сөздөр “отчетту” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Жогорку Кеңеш Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун отчеттук мезгилдеги бюджеттерин аткаруу тууралуу отчетту отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен карап чыгат жана аны кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат.”;
78) 119-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
79) 23-главасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“23-глава. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму жана мамлекеттик аудит 120-берене. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму
1. Мамлекеттин ресурстарын үнөмдүү, майнаптуу, натыйжалуу жана мыйзамдарды сактоо принциптеринин негизинде башкарууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик ички контролдоо тутуму түзүлөт.
2. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму ички контролдон, ички аудиттен жана алардын шайкештигинен турат.
3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын жетекчилери ички контролдоо тутумунун алар башкарган бардык түзүмдөрдө, программаларда, операцияларда жана процесстерде иштеши үчүн жоопкерчилик тартышат.
4. Мамлекеттик ички контролдоо тутуму Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички контролдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
121-берене. Ички контролдоо
1. Ички контролдоо - тиешелүү уюм тарабынан иш максаттарын аткарууну, тобокелдиктерди башкарууну, ишенимдүү жана так отчет берүүнү, мыйзамдарды жана эрежелерди сактоону камсыз кылууга багытталган мамлекеттик башкаруу секторунун органдары тарабынан ишке ашырылуучу үзгүлтүксүз процесс.
2. Мамлекеттик башкаруу секторунун ар бир органы өз талаптарына жана адистешүүсүнө жооп берген өзүнүн ички контролдоо тутумун иштеп чыгат, ички контролдоонун иштешин камсыз кылат.
3. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарынын ички контролдоо тутуму ички жана тышкы аудит тарабынан бааланууга тийиш.
122-берене. Ички аудит
1. Ички аудит - мамлекеттик башкаруу секторунун органынын ичиндеги көз карандысыз жана объективдүү функция, ал ишти өркүндөтүү, тобокелдиктерди башкаруу, ички контролдоо тутумунун адекваттуулугу жана натыйжалуулугу боюнча жетекчиликке кепилдикти жана консультацияларды берүүгө багытталган.
2. Ички аудиторлордун кесиптик деңгээлине жана сертификаттоого карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
123-берене. Ички контролдоо жана ички аудит боюнча шайкештик жана отчеттуулук
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун органдарындагы ички контролдун жана ички аудиттин иштөөсүн шайкеш келтирүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик башкаруу секторунун органдарындагы ички контролдоо жана ички аудит тутумунун абалы жөнүндө Министрлер Кабинетине жыл сайын отчет берет.
124-берене. Бюджеттердин мамлекеттик тышкы аудити Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин аткаруунун, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти пайдалануунун тышкы аудити Эсептөө палатасы тарабынан ишке ашырылат: жыл сайын - республикалык бюджетти, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин аткаруу, мамлекеттик менчикти пайдалануу; эки жылда бир жолудан кем эмес - жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу. Аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарыяланууга тийиш.”;
80) 126-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
81) 129-беренесиндеги “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
82) 130-беренесинде:
- 1-бөлүгүндөгү “Өкмөт” деген сөз “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Финансылык тартипти бузуу фактылары аныкталган учурда Эсептөө палатасы, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Президентке, Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тийиштүү жетекчилерине финансылык тартипти бузууга жол берген күнөөлүү мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу тууралуу сунуштарды киргизет.”;
83) 131-беренесинде:
- түрдүү жөндөмө формаларындагы “Өкмөт” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө “Министрлер Кабинети” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-бөлүгүнүн төртүнчү абзацындагы “болжолдонуучу” деген сөз “пландуу” деген сөз менен алмаштырылсын.
2-берене Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 4-берене Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 61 “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 134-ст.) күчүн жоготту деп таанылсын.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндөЗакон · 20.02.2009 · № 61 · Күчүн жоготкон