# 98-статья. Бажы режиминин аракеттеринин аякташы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 98-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-98

---

1. Бажы кампасынын бажы режими ушул Кодекске ылайык товарларды башка бажы режимине жайгаштыруу менен аяктайт.

2. Ушул Кодекстин 286-статьясына ылайык декларант катары чыга ала турган кандай гана жак болбосун бажы кампасынан товарларды толугу менен же бөлүк-бөлүк менен алууга жана ушул Кодекске ылайык аларга бажы жагынан жол-жоболоштуруусу боюнча зарыл бажы ишин жүргүзүүгө аткарууга укуктуу.

3. Убактылуу ташып кирүү режимине ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагында андан ары пайдалануу максатында мурда ушул бажы режимине коюлган товарларды бажы кампасынан чыгарууда убактылуу ташып кирүү мөөнөтүнүн өтүшү кайра жаңыртылат. Аталган товарларды эркин жүгүртүү үчүн чыгарууда төлөнө турган бажы алымдарынын, салыктардын суммасын эсептөө ушул Кодекстин 147-статьясына ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [97-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-97)  
Кийинки берене: [99-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-99)
