# 95-статья. Ташып кетүүгө арналган товарларды бажы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 95-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-95

---

алымдарынан, салыктардан бошотуу же төлөнгөн сумманы кайра кайтаруу

1. Бажы кампасына мурда башка бажы режимине коюлган жана Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары ташып кетүүгө арналган чет өлкөлүк товарларды коюуда, эгерде мындай бошотуу же кайра кайтаруу товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен иш жүзүндө ташып кетүүдө каралган болсо, ал товарлар бажы алымдарынан, салыктан бошотулат же төлөнгөн суммалар кайра кайтарылат. Товарларды ташып кетүү жүзөгө ашырылбаганда бошотуу же кайра кайтаруу берилген ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы Кыргыз Республикасынын бажы аймагында товарларды пайдалануу үчүн декларант аныктаган жаңыдан тандалган бажы режиминин шартына ылайык бажы органына төлөнүүгө тийиш. Аталган суммаларды эсептөө чет өлкөлүк валютада жүргүзүлөт.

2. Экспорттук бажы режимине ылайык ташып кетүүгө арналган товарларды жайгаштырууда, аларды ички салыктан бошотулат, орду толтурулат же кайра кайтарылат, эгерде Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары иш жүзүндө товарларды ташып кетүүдө мындай бошотуу, же кайра кайтаруу каралган болсо. Бажы кампасынын режиминен коюлган күндөн баштап алты айдын ичинде товарлар иш жүзүндө ташылып кетпеген учурда, бошотуу же кайра кайтаруу суммасы бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсепке алуу ставкалары боюнча пайыздары менен өндүрүлөт, бажы төлөмдөрүн алуу үчүн ушул Кодексте каралган тартипте товарларды бажы кампасына коюуда аталган суммаларды төлөө кийинкиге калтырылган болсо.

---

Мурунку берене: [94-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-94)  
Кийинки берене: [96-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-96)
