# 94-статья. Бажы кампасынын бажы режиминдеги товарлары менен

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 94-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-94

---

операциялар

1. Товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ кандай жактар болбосун алардын өкүлдөрү бажы кампасында турган товарларды карап жана өлчөй алат, бажы органынын кабарлоосу менен анын сынамыктарын жана үлгүлөрүн алат. Чет өлкөлүк товарлардын сынамыктарын жана үлгүлөрүн алуу, товардык үлгүсү бир айдын ичинде бажы кампасына кайтарылып берилгенден тышкары учурларда, эгерде алар эркин жүгүртүү үчүн чыгарылган болсо ташып келүүнүн бажы алымдары, салыктары төлөнүүгө жатат.

2. Бажы кампасынын бажы режиминдеги товарларды бажы органына кабарлоо менен төмөнкүдөй операциялар жүргүзүлүшү мүмкүн:

1) товарлардын сакталышын камсыз кылуу боюнча;

2) товарларды сатууга жана транспортировкалоого даярдоо боюнча партияларга бөлүү, жөнөтүүгө камдоо, сорттоо, таңгактоо, кайра таңгактоо, маркировкалоо сыяктуу, ошондой эле товардын сапатын жакшыртуу үчүн зарыл болгон башка операциялар.

3. Бажы кампасында турган товарларды ээликтен ажыратууга, аларга карата пайдалануу, ээлик кылуу же тескөө укуктарын бажы органына алдынала кабарлоо шарты менен берүүгө уруксат кылынат.

4. Ушул Кодекстин 93-статьясында көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин товарларды бир бажы кампасынан экинчисине которууга уруксат кылынат. Мында, товарларды сактоо мөөнөтү үзгүлтүккө учуратылбайт жана токтотулбайт.

---

Мурунку берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-93)  
Кийинки берене: [95-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-95)
