# 92-статья. Товарларды бажы режиминин алдына коюу шарты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 14-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 92-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-92

---

1. Бажы кампасынын бажы режиминин алдына Кыргыз Республикасына ташып келүүгө жана Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып кетүүгө тийиштүүлүгүнө жараша тыюу салынган, ошондой эле тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктай турган башка товарлардан тышкары кандай товарлар болбосун коюлушу мүмкүн.

2. Башка товарларга зыян келтириши мүмкүн болгон же сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарлар бажы кампасынын атайын ылайыкталган жеринде сакталууга тийиш.

3. Башка кампасынын бажы режиминин алдына мурда башка бажы режиминин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн. Убактылуу ташып кирүү бажы режиминин алдына коюлган товарлар убактылуу ташып кирүү режиминин колдонулушун токтото туруу максатында бажы кампасына коюлушу мүмкүн.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган товарларды Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташып кирүүдө бажы кампасынын бажы режиминин алдына бажы кампасында сактабастан коюлушу мүмкүн болгон учурларды аныктоого укуктуу. Аталган учурларда бажы кампасынын бажы режимине арыз берген жак ушул главада каралган бажы режиминин бардык башка талаптарын жана шарттарын сактоого милдеттүү. Мында бажы кампасынын бажы режиминин алдында турган мезгилде товарларды башка жактардын кандай ыкма болбосун, анын ичинде ээлик кылуудан аларды ажыратууну кошкондо, пайдаланышына жана тескешине жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-91)  
Кийинки берене: [93-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-93)
