# 90-статья. Бажы режиминин алдына товарларды коюу шарты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 13-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 90-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-90

---

1. Реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн товарлар:

1) Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып кетүүдө эркин жүгүртүүдө турган статуска ээ, болбосо чет өлкөлүк товарларды кайра иштетүүдөн алынган продуктулардан болушу (16 жана 17-главалар);

2) алар ташылып кеткен учурдан тартып үч жылдын ичинде, ал эми убактылуу ташылып кеткен товарларга карата - убактылуу ташылып кетүүнүн белгиленген мөөнөтүнүн ичинде реимпорттук бажы режимине арыз берилиши;

3) табигый жол менен эскирген же транспортировкалоонун, сактоонун же пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында кемүүнүн кесепетинен өзгөрүлгөндөн тышкары мурдагы эле абалында болушу;

4) товарларды реимпорттогон жак бажы органдарына реимпорттук бажы режиминин алдына товарларды коюу үчүн зарыл болгон товарларды ташып кетүүнүн жагдайларын тастыктаган бардык документтерди жана маалыматтарды бергендегиден башка учурларда ал товарларды ташып кеткен жактын декларация толтурушу;

5) бажы органдары тарабынан идентификацияланышы.

2. Товарларды Кыргыз Республикасынан тышкары жерде коммерциялык максаттарда пайдалануу, ошондой эле майда ремонттук операцияларды, техникалык тейлөөнү жана товарларды талаптагыдай сактоо үчүн зарыл болгон башка операцияларды кошуп алганда, алардын сакталышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон операцияларды жасоо, ремонт боюнча операциясы товардын наркынын ташып чыгуу учурундагы наркына караганда кымбатташына алып келгендегиден тышкары учурларда, товарларды реимпорттук бажы режиминин алдына коюуга тоскоолдук кылбайт.

3. Реимпорттук бажы режиминин алдына мурда башка бажы режимдеринин алдына коюлган товарлар коюлушу мүмкүн.

4. Реимпорттоодо товарларды койгон жак ички салыктардын суммасын жана төлөнбөгөн болбосо Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен тышкары товарларды ташып кетүү менен байланышкан төлөөлөр, жеңилдиктер, ордун толтуруу иретинде алынган тике же кыйыр башка суммаларды кайтарып берет.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-89)  
Кийинки берене: [91-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-91)
