# 86-статья. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 86-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-86

---

келген товарларга карата бажы алымдарынын, салыктарынын жалпы суммасы

Кыргыз Республикасынын бажы аймагына ташылып келген товарларга карата ташып келүү бажы алымдарынын, салыктарынын жалды суммасы, эгерде товарларды ташып келүүдө чет өлкөлүк валютанын курсунун (бажы алымда- рын, салыктарын чет өлкөлүк валютада эсептөөдө) өзгөрүшүнүн же бажы алымдарынын, салыктарынын ставкасынын өзгөрүшүнүн кесепетинен бажы алымдарынын, салыктарынын суммасы көбөйгөндөгүдөн, товарларга карата өзгөргөн бажы режимине арыз берүүдө бажы органы тарабынан бажы декларациясы кабыл алынган күнү колдонууда турган бажы алымдарынын. салыктарынын ставкасы колдонгулгандагыдан башка учурларда туумду жана пайызды эске албастан эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу режими билдирилгенде төлөнө турган бажы алымынын, салыгынын суммасынан ашпашы керек. Аталган учурларда мурдагы байы режиминде төлөнгөн бажы алымдарынын, салыктардын суммасы жаңыдан тандалган бажы режиминин шарттарына ылайык бажы алымдарынын, салыктардын суммасын төлөөдө эсепке кошулат.

---

Мурунку берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-85)  
Кийинки берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-87)
