# 84-статья. Бажы режиминин шартын сактабай койгондук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 11-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 84-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-84

---

үчүн жоопкерчилик

1. Бажы режиминин шарттарын жана талаптарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Жактар бажы режиминин шарттары жана талаптары бажы контролу астында турган товарлар ушул Кодексте белгиленген шарттар менен талаптарды бузбастан эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин кыйроонун, болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле товардын саны же абалы ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында табигый жол менен эскиргендигинин же кемигендигинин кесепетинен өзгөргөндө, эгерде мындай операцияларды жасоого белгилүү бажы режимин колдонууда ушул бөлүмгө ылайык жол берилген учурларда жоопкерчилик тартышпайт.

Бажы аймагынан тышкары чыгарылган товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде ал товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен биротоло жоголгондугунун же жок болгондугунун, табигый жол менен эскиргендиганин же транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шартында кемигендигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка жат аракеттеринин кесепетинен ээлик кылуудан чыгып кетишинин себебинен кайра иштетилбей калса жоопкерчилик тартпайт. Табигый жол менен эскирүүнү же кемүүнү аныктоо максатында Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер жана стандарттар колдонулат. Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайды тастыктоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.

2. Бажы брокери ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдө бирдей жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-83)  
Кийинки берене: [85-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-85)
