Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
84-статья. Бажы режиминин шартын сактабай койгондук
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 11-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
үчүн жоопкерчилик
1. Бажы режиминин шарттарын жана талаптарын сактабай койгондук үчүн жоопкерчиликти, ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөө үчүн жоопкерчиликти ушул бөлүмдө аныкталган жактар тартат. Жактар бажы режиминин шарттары жана талаптары бажы контролу астында турган товарлар ушул Кодексте белгиленген шарттар менен талаптарды бузбастан эркин жүгүртүү үчүн чыгарылганга чейин кыйроонун, болбосо күч жеткис тоскоолдуктун кесепетинен биротоло жоголгондо, бузулганда же жок болгондо, ошондой эле товардын саны же абалы ташуунун, транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун (эксплуатациялоонун) кадимки шартында табигый жол менен эскиргендигинин же кемигендигинин кесепетинен өзгөргөндө, эгерде мындай операцияларды жасоого белгилүү бажы режимин колдонууда ушул бөлүмгө ылайык жол берилген учурларда жоопкерчилик тартышпайт.
Бажы аймагынан тышкары чыгарылган товарларга же аларды кайра иштетүү продуктуларына карата жактар, эгерде ал товарлар же аларды кайра иштетүү продуктулары кыйроонун же күч жеткис тоскоолдуктардын кесепетинен биротоло жоголгондугунун же жок болгондугунун, табигый жол менен эскиргендиганин же транспортировкалоонун, сактоонун жана пайдалануунун кадимки шартында кемигендигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча чет мамлекеттердин органдарынын же кызмат адамдарынын укукка жат аракеттеринин кесепетинен ээлик кылуудан чыгып кетишинин себебинен кайра иштетилбей калса жоопкерчилик тартпайт. Табигый жол менен эскирүүнү же кемүүнү аныктоо максатында Кыргыз Республикасында колдонулган ченемдер жана стандарттар колдонулат. Товарлардын биротоло жоголушуна, бузулушуна же жок болушуна, алардын санынын жана (же) абалынын өзгөрүшүнө алып келген жагдайды тастыктоо милдети ушул бөлүмдө каралган жактарга жүктөлөт. Чет мамлекеттин аймагында болуп өткөн жагдайлар Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги консулдук мекемелери тарабынан ырасталат.
2. Бажы брокери ушул Кодекстин 304-статьясынын 3-пунктуна ылайык бажы төлөмдөрүн төлөөдө бирдей жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Инструкция по применению таможенных режимов ( Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-84" title="84-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>