# 79-статья. Документтерди жана маалыматтарды берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-79>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-79.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 79-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-79

---

1. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүгө бажы органынын уруксатын алуу үчүн жүк ташуучу бажы органына чыгарылып кете турган товар жөнүндө маалыматтардан, ошондой эле транспорт каражаты тууралу маалыматтардан турган жүк жөнүндө декларация тапшырууга милдеттүү.

Бажы органдары талап кылган маалыматтар бажы максаттарында товарларды жана транспорт каражаттарын идентификациялоо үчүн зарыл маалыматтар менен чектелет.

2. Товарлар жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан чыгарып кетүүдө жүк ташуучу берген маалыматтардын так тизмеги транспорттун түрүнө жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускама менен аныкталат.

3. Бажы органдары жүк жөнүндө декларация катары Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы эларалык келишимдеринде каралган жүк жөнүндөгү документтерин, ошондой эле чыгарылып кетүүчү товарларды белгилүү бажы режимине коюуга негиз болгон бажы декларациясынын нускаларын кабыл алат.

4. Эгерде бажы органдары талап кылган маалыматтар жүк ташуучунун документтеринде жок болсо, товар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалымат жүк ташуучу же анын тапшыруусу боюнча башка жак түзгөн кошумча документтерди сунуш кылуу жолу менен жүргүзүлөт.

5. Жүк ташуучу өзү ташып бараткан бардык товарлар тууралу маалыматтарды жүк жөнүндөгү декларацияда көрсөтүүгө же болбосо ушул статьянын 4-пунктунда каралган тартипте алар тууралу маалыматты бажы органына айтууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-78)  
Кийинки берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-80)
