# 71-статья. Убактылуу сактоо кампасынын ээлеринин милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 71-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-71

---

Убактылуу сактоо кампасынын ээси төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кампаны ушул Кодекстин 70-статьясында каралган талаптарга ылайык жасалгалоого;

2) сактоодо турган товарларды бажы контролунан тышкары кампадан алып коюу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого;

3) бажы органынын иш убактысынан тышкары келген товарларды жана транспорт каражаттарын бажы контролунун зонасы болуп саналган кампага болбосо ага жамаатташ аймакка жайгаштырууну камсыз кылууга;

4) убактылуу сактоо кампасында турган товарлардын жана убактылуу сактоо кампасында турган же бажы контролунун зонасы болуп саналган ага жамаатташ аймакта турган транспорт каражаттарынын сакталышын камсыз кылууга;

5) бажы контролун жүргүзүүгө көмөктөшүүгө;

6) сакталуучу товарлардын эсебин алууга жана бажы органына отчет берүүгө;

7) сактоого коюлган товарларга жана транспорттук каражаттарга бажы органдарынын уруксатысыз үчүнчү жактардын киришине жол бербөөгө;

8) ушул Кодекстин 73-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда бажы алымдарын, салыктарды төлөөгө.

---

Мурунку берене: [70-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-70)  
Кийинки берене: [72-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-72)
