# 70-статья. Убактылуу сактоо кампасы жайгашкан жерди жасалгалоого, материалдык-техникалык жактан жабдууга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 марта 2009 года № 90 "О внесении дополнений и изменений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203126)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666163..666164>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-70>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-70.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 70-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-70

---

1. Убактылуу сактоо кампалары товарлардын сакталышын камсыз кылгыдай жана башка жактардын (кампанын кызматкерлери болуп саналбаган жана товарларга карата ыйгарым укуктары жоктор) ал жайга кире албагандай жайгаштырылууга жана жабдылууга тийиш.

2. Убактылуу сактоо кампасына ички бажы транзитин аяктоо үчүн зарыл болгон убакытка товар ташып келген транспорт каражаттарынын токтоп турушу үчүн жабдылган кайтарылуучу аймак жайгашууга тийиш. Аталган аймак бажы контролунун зонасы болуп саналат. Бажы контролу астында турган товарларды ташыган транспорт каражаттары аталган зонага сутканын каалаган убактысында кире алат.

3. Убактылуу сактоочу кампалардын инфратүзүмүнө, техникалык жабдылышына жана иштөө режимине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 185 "Бажы кампаларынын жана убактылуу сактоо кампаларынын инфраструктурасына, техникалык жабдылуусуна жана иштөө режимине карата талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

---

Мурунку берене: [69-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-69)  
Кийинки берене: [71-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-71)
