# 64-статья. Убактылуу сактоочу кампалардын типтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 64-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-64

---

1. Убактылуу сактоочу кампалар ачык түрдөгү кампалар, башкача айтканда ар кандай гана товарларды болбосун сактоо жана ушул статьянын 2-пунктунда каралгандагыдан башка учурларда кандай гана жактар болбосун пайдаланышы үчүн бериле турган кампалар саналат.

2. Жабык типтеги, башкача айтканда айрым бир товарларды же айрым бир жактардын товарларын сактоого арналган убактылуу сактоо кампаларын уюштурууга өзгөчө категориядагы, жүгүртүүдө чектелген жана (же) сактоонун өзгөчө шартын талап кылган товарларды сактаган таламдаш жактардын жүйөөлөштүрүлгөн кайрылуусу боюнча жабык түрүндөгү кампаларды уюштурууга тышкы экономикалык иштин катышуучуларынын же транспорттук уюмдардын керектөөлөрүнө жооп берген учурда жол берилет.

---

Мурунку берене: [63-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-63)  
Кийинки берене: [65-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-65)
