# 56-статья. Ички бажы транзитин аяктоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 56-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-56

---

1. Ички бажы транзити аяктаган, жеткен жеринде, товарлардын ички бажы транзитинин аякташы мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө, бирок транспорттук каражатын каттоо учурунан 24 сааттан кечиктирилбестен жол-жоболоштурлат, эгерде документтерди текшерүүдө жана товарларды идентификациялоодо Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулар ачылган болбосо.

2. Ички бажы транзитин аяктоо үчүн жүк ташуучу транзиттик декларацияны көрсөтүүгө, берүүгө, ошондой эле товарларга карата колундагы башка документтерди товарлар жеткирилүүчү жерге транспорттук каражат келген учурдан тартып бир сааттын ичинде, ал эми бажы органдын иштөө убактысынан тышкары мезгилде келгенде ошол бажы органдын иши башталган учурдан тартып бир сааттын аралыгында берүүгө милдеттүү. Темир жол менен товарларды ташууда аталган документтерди берүүнүн мөөнөтү 12 сааттан ашпоого тийиш.

3. Ички бажы транзитинин аякталышына чейин товарлар жеткирилүүчү жерде транспорттук каражаттар бажы контролундагы зонада жайгаштырылат.

4. Бажы органы жайгашкан жер болуп саналбаган товарлар жеткирилүүчү жерге товарларды ташууда, ички бажы транзитинин аякталышы, жеткен жериндеги бажы органына товарларды көрсөтүүсүз жүзөгө ашырышы мүмкүн.

Ички бажы транзитин жүзөгө ашырган жак, товарларды сактоого кабыл алууга, товарлар жеткирилүүчү жер катары аныкталган товарлардын абалын өзгөртүүгө алардын таңгактоосунун бузулушуна алып келүүчү убактылуу сактоо кампасына, бажы кампасына же башка жерге товарлардын жеткирилишин бажы органы ырастамайынча алар тарабынан пайдаланышын жана тескөөсүн камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-55)  
Кийинки берене: [62-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-62)
