# 54-статья. Товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операциялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 54-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-54

---

1. Ички бажы транзитине ылайык ташылган товарларды кайра жүктөө, түшүрүү, жүктөө жана башка жүк операциялары жөнөтүүчү бажы органынын же жүк операцияларын жүргүзүү боюнча иштөө регионундагы бажы органдарынын уруксаты менен жол берилет. Эгерде товарлар коюлган бажы пломбаларын жана мөөрүн бузбастан бир транспорт каражатынан экинчисине кайра жүктөлүшү мүмкүн болсо, мындай кайра жүктөөгө бажы органына алдынала кабарлоо менен жол берилет.

2. Бажы органы товарлар менен жүк операцияларын жүргүзүүдөн баш тарта алат, эгерде ошол товарлар менен бажы контролун андан ары жүзөгө ашырууга мүмкүн болбосо.

---

Мурунку берене: [53-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-53-1)  
Кийинки берене: [55-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-55)
