# 53-статья. Ички бажы транзитинде жүк ташуучунун милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 53-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-53

---

Товарларды ташууда ички бажы транзитинин жол-жоболоруна ылайык жүк ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) товарларды жана алардын документтерин, эгерде алар аныкталган болсо белгилүү маршруттар боюнча жөнөгөн бажы органы аныктаган жерге жүк ташуу документтеринде көрсөтүлгөн кабыл алуучу пунктту эске алуу менен (кабыл алуучу бажы органы иш регионунда турган бажы контролунун зонасы) белгиленген мөөнөттө жеткирүүгө;

2) эгерде товарлардын, бажы пломбалары жана мөөрлөрү же башка идентификациялык каражаттары пайдаланылган болсо, алардын сакталышын камсыз кылууга;

3) ушул Кодекстин 54-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда товарларды башка транспорт каражаттарына которуп жүктөөдөн тышкары товарларды түшүрүүгө же кошумча жүктөөгө, ошондой эле алар менен бажы органдарынын уруксатысыз кандай гана болбосун башка операцияларды жасоого жол бербөөгө.

---

Мурунку берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-52)  
Кийинки берене: [53-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-53-1)
