# 52-статья. Товарларды бажы пломбалары жана мөөрлөрү менен ташууда транспорттук каражаттарды, контейнерлерди жана алып коюлуучу ырдыбандарды жабдуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 52-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-52

---

1. Идентификациялоо каражаты катары пайдаланылган бажы пломбалары жана мөөрлөрү транспорт каражаттары, контейнерлер же алып коюулуучу ырдыбандар төмөнкүдөй конструкцияланган жана жабдылган шартта түздөн-түз ошол транспорт каражаттарына, контейнерлерге же алып коюлуучу ырдыбандарга коюлат:

1) бажы пломбалары жана мөөрлөрү жөнөкөй жана ишенимдүү ыкма менен коюлушу мүмкүн;

2) товарлар транспорттук каражаттын жүк коюлуучу бөлүгүнөн аны ачуунун же бажы пломбасын (мөөрүн) бузуунун көрүнүп тургудай издерин калтырбастан алынышы же жыйылып коюлушу мүмкүн эмес.

3) транспорттук каражатта жана анын жүк коюучу жеринде товарларды катып коюу үчүн жашыруун жерлер жок болгондо;

4) товарлар турган жердин баары бажы кароосунан өткөрүү үчүн оңтойлуу болгондо.

2. Эгерде транспорт каражаты бажы пломбасы жана мөөр менен жүк ташууга күн мурдатан берилбеген болсо, транспорт каражатынын, контейнердин же алып коюулуучу ырдыбандын бажы пломбасы жана мөөр менен жүк ташуу үчүн жарактуу экендиги жөнүндө чечимди жөнөтүүчү бажы органы кабыл алат.

3. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде күн мурдатан жол берүү каралган учурду кошпогондо, бажы пломбасы жана мөөрлөрү бар транспорт каражатын, контейнерди же алып коюлуучу ырдыбанды бажы органдары күн мурдатан ташып жеткирүү үчүн жол берүүнү талап кылбайт.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-51)  
Кийинки берене: [53-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-53)
