# 51-статья. Товарларды идентификациялоо жана алардын документтери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 2011 года № 257 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203523)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666166..666167>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 51-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-51

---

1. Жөнөтүүчү бажы органы кабыл алуучу бажы органынын (ички бажы транзитинин жол-жобосу аяктай турган бажы органы) товарларды идентификациялай алышын жана товарларды алып коюунун, товарларды транспорттук каражаттарга салуунун болбосо товарлар менен кандайдыр бир операцияларды жасоонун жана издерин таба алышын камсыз кылат, эгерде аталган аракеттер ички бажы транзитине ылайык аларды ташууда жасалса.

2. Эгерде транспорт каражатынын жабдуулары жана жасалгалары, контейнер же алып коюучу ырдыбаны жана товардын мүнөзү аларга пломба же мөөр коюуга мүмкүнчүлүк берсе (44-статья), идентификациялоо каражаты катары мындай транспорт каражатына, контейнерге же алып коюучу ырдыбанга коюлган бажы пломбалары жана мөөрлөрү пайдаланылат.

3. Башка учурларда товарларды идентификациялоо жүктүн айрым жерлерине сан, тамга же башка марка коюу, идентификациялык белгилерди коюу, пломба же мөөр басуу, штамп басуу, текшерүүгө сынамыктарды жана үлгүлөрдү алуу, товарларды жана транспорттук каражаттардын сыпаттамасын, анын ичинде бажы органынын кызматкерлери түзгөн чиймелерди, масштабдуу даярдалган сүрөттөрдү, фотосүрөттөрдү, көрмөжазууларды, иллюстрацияларды пайдалануу жана товарларды идентификцнялоого мүмкүндүк берген башка каражаттарды пайдалануу жолдору менен жүргүзүлөт.

Бажы органдары тарабынан төмөнкүлөрдөн тышкары учурларда чет өлкөлөрдүн бажы органдарынын бажы пломбалары жана идентификациялык башка каражаттары колдонулат, качан: алар жөнөтүүчү бажы органдары тарабынан ушул Кодекстин 52-статьясынын 1-пункту менен аныкталгай талаптарга жооп берген жетиштүү эмес же ишенимдүү эмес деп таанылганда; жөнөтүүчү бажы органы товарларды бажы текшерүүсүнөн өткөрүүдө. Эгерде бажы органдары чет мамлекеттердин бажы органдарынын бажы пломбаларын же башка идентификациялоо каражаттарын пайдаланса, мындай идентификациялоо каражаттарына Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын идентификациялоо каражаттарына карата ушул Кодексте каралган аларды өзгөртүүгө, алып коюуга, жок кылууга же бузууга тыюу салуулар жайылтылат.

4. Ички бажы транзити жол-жобосун пайдаланууда, бажы максаттары үчүн бажы органы тарабынан ачылганы көрүнүп кала турган белги калтыруусуз андагы товарлардын жана транспорт каражаттарынын коммерциялык жана товар коштоочу документтерин алып коюу же алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган, атайын корголууга ылайыкташтырылган идентификациялоо каражаты катары сейф-пакети колдонулат.

(КР 2011-жылдын 30-декабрындагы № 257 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-50)  
Кийинки берене: [52-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-52)
