# 50-статья. Ички бажы транзитинин жол-жоболорун колдонуу үчүн берилген документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1587)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 12.07.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.12.2014
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184 "О таможенном регулировании в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205436)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2008 года № 196 "О внесении изменений и дополнений в Таможенный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205027)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587#diff=666161..666162>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-23/edition/666158/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1587/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси, 50-статья (31.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-50

---

1. Транзиттин декларациясы катары бажы органы кандай коммерциялык, транспорттук (жүк ташуучу) документтер жана (же) ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды камтыган бажы документтери болбосун жөнөтүүлөрдү кабыл алат.

2. Ички бажы транзитинин жол-жоболорун колдонуу үчүн жүк ташуучу (экспедитор) төмөнкү маалыматтарды берет:

1) транспорттук документтерге ылайык товарларды жөнөтүүнүн (алуучунун) аталыштары жана орун алган жери жөнүндө документтер;

2) товарларды жөнөткөн өлкө (жеткирилчү өлкө) жөнүндө;

3) товарлардын жүк ташуучусунун болбосо экспедитордун аталыштары жана орун алган жери жөнүндө, эгерде ички бажы транзити экспедитор тарабынан жүзөгө ашыртылса;

4) Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча товарлар ташылган транспорттук каражаттар жөнүндө, ал эми автомобиль транспорту менен ташууларды жүзөгө ашырууда - транспорттук каражаттар тууралу да;

5) коммерциялык, транспорттук (жүк ташуучу) документтерге ылайык товарлардын саны, наркы, түрлөрү же аталыштары жөнүндө, салмагы же көлөмү тууралу;

6) жүк орундарынын жалпы саны жөнүндө;

7) товарлардын жеткирилүүчү пункттары жөнүндө;

8) товарларды кайрадан жүктөлүшүн пландаштыруу же жолдогу башка жүк операциялары жөнүндө;

9) товарларды ташуунун пландаштырылуучу мөөнөттөрү жөнүндө.

3. Бажы органы ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары жүк ташуучудан же экспедитордон башка маалыматтардын берилишин талап кылууга укуксуз.

4. Кыргыз Республикасынын эларалык мыйзамдарында каралган учурда, Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине ылайык транзиттик декларация катары жол-жоболоштурулган документтер пайдаланылат.

5. Ушул статьянын 1-пунктуна ылайык көрсөтүлгөн документтерди транзиттик декларация катарында кабыл алуу жөнүндө бажы органынын кызмат адамы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте мындай документтерге белги коюлат.

(КР 2008-жылдын 5-августундагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-49)  
Кийинки берене: [51-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1587/st-51)
